Куралдуу Күчтөрдүн аскерлери Нарын...

Куралдуу Күчтөрдүн аскерлери Нарын обласына кызмат өтөшүүдө

Куралдуу Күчтөрдүн аскерлери Нарын обласына кызмат өтөшүүдө

КР Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин жана Мамлекеттик Чек ара кызматынын өздүк курамы Нарын жана Ат-Башы районунда жайгашкан блокпосттордо өзгөчө абал киргизгенден баштап кызматын өтөшүүдө.Аталган аймакта 2020-жылдын 15-апрелинен баштап 20-апрелге чейин COVID-19 илдети менен 50дөн ашык адам катталган. Буга байланыштуу аймакта карантиндик иш-чаралар күчөтүлдү. Бүгүнкү күндө Нарын обласындагы бардык блокпосттор кызмат өтөөгө керектүү болгон тамак-аш, эс алуучу жайлар жана жеке коргоочу шаймандар менен камтылды. Ошондой эле аскер кызматчыларына жергиликтүү калкка кайрылуу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду. Кызмат күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Өзгөчө абал киргизилгенден баштап КР Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундары райондордогу блокпосттордо үзгүлтүксүз кызмат өтөшүүдө.