pr jkkg

Ант берүү аземи

2018-жылдын 4-майында КР КК ГШнын Кургактагы аскерлеринин 73809 аскер бөлүгүндө 2018-жылдын күзүндө мөөнөттүү аскер кызматына чакырылып келгендердин Аскердик антты берүүсүнө байланышкан салтанаттуу азем болду.
Аземде 150гө жакын жаш жоокер Ата Мекенине кызмат кыла тургандыгы тууралуу ант беришти. Салтанатка аскер бөлүктөрдүн командирлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, аскер кызматчыларынын, жоокерлердин туугандары, жакындары, үй-бүлө мүчөлөрү күбө болушту.
Бир ай мурда 2018-жылдын 5-апрелинде 73809 аскер бөлүгү жаш толуктоонун жоокерлерин өздүк курамдын, Кургактагы аскерлердин өкүлдөрүнүн, аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн салтанатуу түрдө тосуп алуусунда кабыл алышкан. Кененирээк

Формирование-2018

2018-жылдын 24-апрелинен 26-апрелине чейин КР ККнын Генералдык штабынын жетекчилигинин алдында мобилизациялык «Формирование-2018» машыгуусу болду. Иш-чара Куралдуу Күчтѳрдүн Генералдык штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кургактагы аскерлердин ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда ѳттү.

Кененирээк

Атайын багыттагыларда юбилей!

2018-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Улуттук гвардиясынын «Пантерасы» ѳзүнүн түзүлүү күнүнүн 25 жылдыгын белгилейт.
Аскер бѳлүгүнүн түзүлүү күнүн белгилѳѳ салтанатына КР ККнын Улуттук гвардиясынын Кол башчысынын биринчи орун басары гвардиянын полковниги Дамирбек Усубалиев, түндүк-чыгыш регионундагы аскер бѳлүктѳрдүн командирлери, Жоокерлер энелери Республикалык комитетинин ѳкүлдѳрү, Бишкек шаарынын Ленин районунун акими, гвардиячы-ардагерлер, ошондой эле аскер кызматчыларынын үй-бүлѳ мүчѳлѳрү келишти жана атайын багыттагыларды бул майрам күнү менен куттукташты.

Кененирээк

ШКУнун Коргоо министрлеринин кеңешмеси

генерал-майор Райимберди Дуйшенбиев Кытай Элдик Республикасынын Пекин шаарында ѳтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчѳ-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин кеңешмесине катышат.
Кеңешме башталганга чейин Кытай Элдик Республикасынын тѳрагасы Си Цзиньпиндин кабыл алуусунда болду.

Кененирээк

Юристконсултанттардын окуу-методикалык жыйыны

2018-жылдын 16-18-апрелинде КР ККнын Күжүрмөн даярдоо борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түндүк аймагы боюнча юристконсультанттарынын жана кадрдык кызматтын башчыларынын окуу-методиткалык жыйыны өткөрүлөт.
Жыйындын максаты – аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин укуктук жана кадрдык иштер боюнча жардамчыларынын методикалык даярдыктарын жогорулатуу болуп саналат.
Жыйындын жүрүшүндө аскер кызматчыларын социалдык жактан камсыздоо жана алардын укуктарын сактоого байланышкан, кызматтык турак-жай берүү, офицерлерди кызматы боюнча которуу, дайындоо, аскер кызматынан бошотуу, эмгек акы, акчалай кошумча тѳлѳмдѳрдү төлөө, кызматтык иликтѳѳ-териштирүүлѳрдү жүргүзүү, аскер кызматчыларынын өмүрүн жана ден соолугун камсыздандыруу жана алардын материалдык жоопкерчилиги сыяктуу маселелер иштелип чыгат.

Кененирээк

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар

Суроо

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
© Kama
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos