pr jkkg

8-март – Эл аралык аялдар Күнү!

Аялдар да жоокерликти аткарат

Аялдар да жоокерликти аткарат,
Алып билим, машыгууда такашалат.
Эркектерге салышытырып карасак,
Эрте туруп, тазалыгы башкараак.

Берген антка намыстанып бек турат,
Бет маңдайда коргоо деген чеп турат.
Чек араны бузуп кирсе душмандар,
Жок кылабыз деген катуу кек турат.

Уставдагы жазгандарды билишет,
Узартпастан үйрөнүүгө киришет.
Буйруктарын мыйзамдуу деп эсептеп,
Командирге кынтыксыз баш ийишет.

Спортто ойноп, денелерин чыңдашат,
Көнүгүүнү ар күң сайын улашат.
Машыгууда мыктылыгын көрсөтүп,
Менменсинген жигиттерди сынашат.

Сынактарда жогорку баа алышат,
Сый-урматты кызматынан табышат.
Жоого карай жалтанбастан тик карап,
Жигиттерден эч калышпай барышат.

Аялдар да жоокерликке жарактуу,
Өз милдетин аткарууга талаптуу.
Техниканы үйрөнүшөт тез эле.
Анткени алар, акылдуу да, сабаттуу.

Жаныл Мырза, Сайкал элин коргогон,
Алар баатыр, коркоктордон болбогон.
Азыр дагы кыргыз кызы тайманбай,
Ошолордун жоокер жолун жолдогон.

Ардагер журналист, запастагы капитан
Расулберди Мамедов

 

Фотогалерея

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos