pr jkkg

Өзгөчө абал жөнүндө Мыйзам

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 1998-жылдын 24-октябры N 135

Өзгөчө абал жөнүндө

(КР 2008-жылдын 20-мартындагы N 31, 2009-жылдын 26-февралындагы N 70 Мыйзамдарынын, 2011-жылдын 25-июлундагы N 126, 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256, 2015-жылдын 14-июлундагы N 163 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I Глава
Жалпы жоболор

1-статья.

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

Өзгөчө абал — Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде киргизилүүчү анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыктарында гана колдонулуучу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын иштерине өзгөчө укуктук тартип киргизүүчү, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле юридикалык жактардын укуктарын чектөөнү белгилөөгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттерди жүктөөчү убактылуу чара.

Аймактын коменданты — өзгөчө абал киргизилген жердеги аймактык комендатуранын ишин жетектөөчү жана өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну жүзөгө ашыруучу, тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу кызмат адамы.

Аймактык комендатурасы — өзгөчө абал киргизилген жердеги өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу, тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү убактылуу атайын орган.

Коменданттык саат — инсандыгын ырастоочу атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана документтерсиз көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда, же болбосо өз турак-жайынан тышкары жерде болууга тыюу салуу белгиленген сутканын убактысы.

Өзгөчө абал киргизилген аймактын чек аралары — Кыргыз Республикасынын бир же бир нече администрациялык-аймактык бирдиктеринин аймагы.

Кризистик кырдаал — биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия), социалдык (зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу,) жана табияттык-техногендик (табигый кырсыктар, кыйроолор) мүнөздөгү конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирүүчү факторлордун (жагдайлардын) жыйындысы.

Атайын өткөрмө — өзгөчө абал киргизилген аймактын чек араларында жүрүүгө, келүүгө (кетүүгө), кирүүгө (чыгууга) укук берген аймактын коменданты тарабынан берилүүчү бир жолку же убактылуу документ.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256, 2015-жылдын 14-июлундагы N 163 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

II Глава
Өзгөчө абалды киргизүүнүн шарттары, негиздери жана тартиби

3-статья.

Кыргыз Республикасында өзгөчө абал төмөнкү кризистик кырдаалдар пайда болгондо аларды четтетүү өзгөчө чараларды колдонуусуз мүмкүн болбогондо киргизилет:

1) биологиялык мүнөздөгү: эпидемия, эпизоотия, эпифитотия;

2) социалдык мүнөздөгү: зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу;

3) табияттык-техногендик мүнөздөгү: табигый кырсыктар, кыйроолор, эгерде алар конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирсе.

(КР 2015-жылдын 14-июлундагы N 163 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья.

Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун же Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн коргоонун кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын Президенти ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн учурларда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми аны айрым жерлерде алдын ала жарыялабай туруп киргизет, бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине токтоосуз билдирет.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдары кризистик кырдаалдар пайда болгондо аларды чектөө жана чечүү үчүн өз ыйгарым укуктарынын чектеринде бардык чараларды көрөт.

Өзгөчө абалды киргизүүдө же биологиялык, социалдык жана табияттык-техногендик факторлор менен шартталган кризистик кырдаалдардын масштабы кулач жайганда, аларды чектөө жана чечүү үчүн укук коргоо органдарынын жана жарандык коргонуу органдарынын күчү жана каражаттары жетпей калганда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы буга тартылган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелеринин жана бөлүктөрүнүн, ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун органы болуп саналат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256, 2015-жылдын 14-июлундагы N 163 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-статья.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө абалды киргизет, бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья.

Өзгөчө абал учурунда Кыргыз Республикасы мыйзамдуулук, айкындуулук жана убактылуулук принциптерин жетекчиликке алат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья.

Өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында:

1) ушул Мыйзамдын 3-статьясынын талаптарына ылайык өзгөчө абалды киргизүү негиз болгон жагдайлар;

2) ушул Мыйзамдын 3-статьясынын талаптарына ылайык өзгөчө абалды киргизүүнүн зарылдыгын негиздөө;

3) өзгөчө чаралардын тизмеси жана чектери жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин убактылуу чектөөлөрдүн, кошумча милдеттердин толук тизмеси;

4) өзгөчө абалдын чараларын ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар жана ал органдардын өзгөчө ыйгарым укуктарынын чектери;

5) өзгөчө абал киргизилип жаткан аймактын чек аралары;

6) актынын күчүнө кирүү убактысы, ошондой эле киргизилип жаткан өзгөчө абалдын так мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому жана анын айрым чөлкөмүндө өзгөчө абалды киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы калкка дароо кабарланат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья.

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагынын айрым чөлкөмүндө өзгөчө абалды киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы ошол эле күнү токтоосуз түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына берилүүгө тийиш.

9-статья.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын айрым чөлкөмүндө өзгөчө абалды киргизүү жөнүндөгү Жарлыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 3 күндөн кечиктирбей өзүнүн токтому менен бекитүүгө же аны жокко чыгарууга тийиш.

Аткаруу бийлик органдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын токтоосуз чогултуу үчүн бардык шарттарды түзүүгө милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья.

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому, ошондой эле айрым жерлерде өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын бекитүү же жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ушул Мыйзамдын 9,  10-статьяларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө бекитилбеген Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө Жарлыгы жокко чыгарылып, бул тууралу тиешелүү аймактын калкына массалык маалымат каражаттары аркылуу кабарланат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья.

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө абалды киргизүү жөнүндөгү Жарлыгы кубатталган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн токтому менен өзгөчө абалды киргизүү жөнүндөгү Жарлыкта каралган жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин убактылуу чектөөлөрдүн жана аларга жүктөлгөн кошумча милдеттердин өзгөчө чараларынын тизмесин жана чектерин өзгөртүүгө укуктуу.

13-статья.

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтү 30 күндөн, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагынын бир бөлүгүндө киргизилген өзгөчө абалдыкы — 60 күндөн тийиш. Бул мөөнөт бүткөндө өзгөчө абал токтотулат же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ушундай эле мөөнөткө узартылат.

14-статья.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзгөчө абалды белгиленген мөөнөт аяктай электе токтотуп коюуга укуктуу.

III Глава
Өзгөчө абал мезгилинде жүргүзүлүүчү мамлекеттик башкаруунун түрлөрү

15-статья.

Өзгөчө абалды киргизүүдө же ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдар пайда болгондо, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын, өз компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат.

Айрым жерлерде өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бир учурда же болбосо өзүнчө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен өзгөчө абал киргизилген аймакта ушул Мыйзамга ылайык башкаруунун өзгөчө түрлөрү киргизилиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жана башкаруунун жогорку органдары өзгөчө абал киргизилген жерлерде иштеген төмөнкү органдардын жана кызмат адамдарынын ар кандай чечимин жокко чыгарууга укуктуу.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256, 2015-жылдын 14-июлундагы N 163 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-статья.

Өзгөчө абалды киргизүүгө алып келген кесепеттердин алдын алуу же жоюу боюнча иштерди координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар атайын убактылуу органдарды (убактылуу администрация) түзө алышат.

Бул органдарга өзгөчө абал киргизилген аймактардагы мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын тескөөчү жана аткаруучу милдеттери толук же тийиштүү чекте өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья.

Өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн өзгөчө абал киргизүү жөнүндө актыны кабыл алган, чыгарган орган же кызмат адамы тарабынан өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты дайындалат.

Өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты өзгөчө абал киргизилген аймактын чек араларынын чектеринде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуучу жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн коргоо, ушул Мыйзамдын 22-статьясында каралган өзгөчө чараларды колдонуу үчүн жооп берет, ошондой эле ушул максаттарда:

1) өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу маселелери боюнча уюштуруучулук-укуктук таризине жана менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдар жана кызмат адамдары, жарандар, ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймакта турган (жайгашкан) коргоо, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, аскердик түзүлүштөрдүн башчылары (зардалдары) тарабынан тийиштүү аймакта аткаруу үчүн милдеттүү жана өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн кошумча тартууга өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;

2) коменданттык сааттын убактысын жана аракеттенүү мөөнөтүн белгилейт;

3) өзгөчө абал киргизилген аймакка кирүүнүн жана андан чыгуунун өзгөчө режимин аныктайт;

4) курал-жарактарды жана ок-дарыларды, алкоголдук продукцияны, дары-дармек каражаттарын жана баңги каражаттарын, психотроптук таасири күчтүү заттарды камтыган дары-дармектерди сатуунун өзгөчө режимин аныктайт;

5) Ушул Мыйзамдын 22-статьясынын 5-пунктунда көрсөтүлгөн алынган курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыруучу жана башка заттарды, аскер техникаларын сактоонун тартибин жана ордун аныктайт;

6) айрым жерлерде өзгөчө абал киргизилгенде белгиленген тартипте өзгөчө абал режимин бузган жана ушул аймакта туруктуу жашаган орду болбогон адамдарды, өзгөчө абал киргизилген аймактын чегинен сырткары чыгарат;

7) иш-чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү аныктайт, алардын кызмат адамдары, жарандар жана уюмдар тарабынан аткарылышын контролдойт;

8) өзгөчө абал шарттарында колдонулуучу айрым чаралардын аткарылуу тартиби жөнүндө тиешелүү аймактын калкына жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдайт;

9) өзгөчө абал киргизилген аймакта журналисттерди аккредитациялоонун өзгөчө тартибин жана алардын иштөө тартибин белгилейт.

Өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты көрсөтүлгөн аймактын комендатурасын жетектөөнү жүзөгө ашырат. Комендатуранын иши өзгөчө абал киргизүү жөнүндө актыны кабыл алган, чыгарган орган же кызмат адамы тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.

Өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты өзгөчө абал киргизилген аймакта иштеп жаткан мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын бардык жыйналыштарына катышууга жана ушул Мыйзамда анын компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

Эгерде өзгөчө абал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен башкача каралбаса, өзгөчө абал киргизилген аймакта комендатураларды түзүү көрсөтүлгөн аймакта иштеп жаткан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин токтотпойт.

Ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча өзгөчө абал киргизилген бөтөнчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан коргонуу, ички иштер жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилерине тиешелүү өзгөчө абал киргизилген жерде биргелешкен оперативдик штабды түзүү жана комендантты дайындоо тапшырылышы мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-статья.

Ушул Мыйзамдын 3-статьясында каралган негиздер боюнча өзгөчө жагдайлардын кесепеттерин жоюу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн коргонуу, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ички аскерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жайгаштырылган аскер бөлүктөрү да тартылышы мүмкүн. Бул бөлүктөр аскер уставдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аракеттенишет.

(КР 2009-жылдын 26-февралындагы N 70, 2011-жылдын 25-июлундагы N 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

19-статья.

Ушул Мыйзамдын 15-17-статьяларында көрсөтүлгөн органдар өзгөчө абалдын тартибин камсыздоо маселелери боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктар менен тескөөлөрдү чыгарууга укуктуу.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья.

Өзгөчө абалдын шартында жасалган кылмыштарды тергөө үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын ички иштер жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилери тарабынан биргелешкен оперативдүү-тергөө топтору түзүлүшү мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 26-февралындагы N 70, 2011-жылдын 25-июлундагы N 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-статья.

Өзгөчө абал жарыяланган учурда Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык табигый кырсыктардын, ири кыйроолордун же апааттардын, эпидемиялардын, эпизоотиялардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон аскерге милдеттүү адистерди эки айлык мөөнөткө чакырышы мүмкүн.

IV Глава
Өзгөчө абалдын шартында колдонулуучу чаралар

22-статья.

Өзгөчө абалдын шартында белгилүү бир жагдайларга жараша Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары төмөндөгү өзгөчө чараларды:

1) коомдук тартипти, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого коргонуу жана Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрүн тартууну;

2) туруктуу же убактылуу турак-жайды милдеттүү түрдө берүү менен коркунучтуу чөлкөмдөрдөн жарандарды убактылуу көчүрүүнү;

3) жарандардын келип — кетүүсүнүн өзгөчө тартибин киргизүүнү;

4) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө белгилүү бир жерди, өз батирин (үйүн) таштап кетүүгө тыюу салууну, коомдук тартипти бузушкан аймактык жашоочусу эмес, анын ичинде чет элдик да жарандарды, алар туруктуу жашаган жерден же өзгөчө абал жарыяланган жердин тышка алардын каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберүүнү;

5) жарандардан ок атуучу жана ок атпоочу куралдарды жана ок дарыларды, ал эми ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан окуп — үйрөнүүчү аскер техникасын, жарылуучу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды таасири күчтүү химиялык жана уу заттарды убактылуу алууну.

6) чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди, ошондой эле оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну;

7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана сатуу боюнча пландарына өзгөртүү киргизүүнү, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө тартибин белгилөөнү, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелерин чечүүнү;

8) мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин кызматка коюуну жана бошотууну, жүйөлүү себептерден башка учурларда, жумушчулардын жана кызматчылардын өз ыктыяры менен иштен бошонуусуна тыюу салууну;

9) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана аларды коюу үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстарын пайдаланууну;

10) иш таштоолорго тыюу салууну;

11) эмгекти коргоонун талаптары милдеттүү сакталганда ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө үчүн, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн эмгекке жарактуу жарандарды жана транспорт каражаттарын тартууну;

12) курал-жарактар, таасири күчтүү химиялык жана уу заттар, ошондой эле спирт ичимдиктери жана спирттүү заттар менен соода кылууга чек коюуну же тыюу салууну;

13) карантин киргизүүнү жана башка милдеттүү түрдөгү санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнү;

14) эгерде бул каражаттар өзгөчө абал жарыяланган жерде түзүлгөн курчутууга пайдаланылса, көбөйтүүчү техниканы, ошондой эле радио жана теле берүүчү аппаратураны, аудио — жана видео техниканы пайдаланууну чектөөнү же тыюу салууну, үн күчөтүүчү техникалык каражаттарды алып коюуну, массалык маалымат каражаттарына киргизүүнү;

15) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелерин киргизүүнү;

16) дипломатиялык кызматтардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан башкалардын транспорт каражаттарынын анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын чектөөнү жана аларды карап чыгууну;

17) коменданттык саатты киргизүүнү;

18) кырдаалды жайгаштырууга тоскоолдук кылган саясый партиялардын, коомдук уюмдардын, массалык кыймылдардын, жарандардын өз алдынча бирикмелеринин иш-аракеттерин токтото туруу;

19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган, жарандардын куралдуу конушдарын түзүүгө жана алардын иш-чаралардын тыюу салууну;

20) көпчүлүк жарандар топтолгон жерлерде документтерди текшерүүнү, ал эми зарыл учурларда жарандарда курал бар экендигин билдирген маалымат болсо, жекече типтүүнү, буюм-тайымдарын, транспорт каражаттарын типтүүнү колдоно алышат;

21) мыйзамдарда белгиленген тартипте ордун толтуруу менен мүлктү алууну;

22) өсүмдүктөрдү, айбанаттарды жана башка мүлктөрдү жок кылууну;

23) финансылык операцияларды жүргүзүүнү жөнгө салууну;

24) жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлору, туулган күндөрдү жана башка салтанаттуу иш-чараларды) өткөрүүнү жөнгө салууну;

25) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда биринчи кезектеги иштерди камсыз кылуу үчүн мамлекеттик материалдык резервди пайдаланууну.

(КР 2011-жылдын 25-июлундагы N 126, 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

23-статья.

Өзгөчө абал убагында конституциялык мыйзамды, мамлекеттик чек араны өзгөртүү тууралуу мыйзамды кабыл алууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө, референдум жана мамлекеттик органдарга шайлоолорду өткөрүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген мамлекеттик органдардын түзүлүштөрүнө, функцияларына жана ыйгарым укуктарына кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-статья.

Өзгөчө абал мезгилинде ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери зарыл учурларда жумушчуларды жана кызматчыларды алардын макулдугусуз эле, эмгек келишиминде каралбаган жумушка бир айлык мөөнөткө чейин которууга укуктуу.

Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери өзгөчө абал негизинде өзүнүн бардык өндүрүштүк — кызматтык орун которууларын (барын-келүүлөрүн), ошондой эле отпускага чыгуусун табигый кырсыктын, эпидемиянын, эпизоотиянын, апааттардын жоюу боюнча штабдын жетекчилери же ошол жердин менен макулдашууга милдеттүү.

Мамлекеттик, акционердик уюмдардын жетекчилеринин шайлоочулук принциби көрсөтүлгөн мезгилде колдонулбайт.

25-статья.

Өзгөчө абалдын убагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин заседаниелерин токтотууга жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин заседаниеси өткөрүлбөгөн, ал эми өзгөчө абал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген уурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзгөчө абал киргизилгенден кийинки күндөн кечиктирбестен чакыруусуз эле чогулат.

(КР 2009-жылдын 26-февралындагы N 70 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-статья.

Коменданттык саат учурунда жарандарга, анын ичинде чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматчыларына инсандыгын ырастоочу атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана документтерсиз көчөдө же башка коомдук жерлерде болууга, ошондой эле өз турак-жайынан тышкары жерде мындай документтерсиз жүрүүгө тыюу салынат.

27-статья.

Өзгөчө абалдын шарттарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту, ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жарандык жана жазык иштеринин аймактык сотко караштуулугун өзгөртүүгө укук берилет.

V Глава
Өзгөчө абал тартибин бузгандык үчүн жоопкерчилик

28-статья.

Ушул Мыйзамдын 26-статьясында каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө каралат, кармалгандар жекече тинтүүгө, буюм — тайымдары жана транспорт каражаттары тинтилиши мүмкүн.

29-статья.

Жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле кызмат адамдары ушул Мыйзамдын 22-статьясында каралган талаптарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.

Ушул Мыйзамдын 22-статьясынын 14 жана 15-пункттарында каралган талаптарды жеке жана юридикалык жактардын экинчи жолу аткарбоосу техникалык каражаттарды жана алар ээлеген имараттарды мамлекеттик менчикке конфискациялоого кириптер кылат.

(КР 2008-жылдын 20-мартындагы N 31 Мыйзамынын, 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

30-статья.

Өзгөчө абалдын шарттарында иш таштоону уюштуруу, ошого тете ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын иштөөсүнө тоскоолдук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

31-статья.

Өзгөчө абал жарыяланган аймакта кычаштык-чагымчыл кабарларды таркатуу, укук тартибин бузуучулукка түрткөн же улуттар аралык араздаштыкты чыгаруучу аракеттер, жарандардын жана кызмат адамдарынын мыйзамдуу укуктарын жана милдеттерин аткарышына активдүү көрсөтүү, ага тете ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аскер кызматчысынын же коомдук тартипти сактоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйруктарына же талаптарына баш ийбөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.

32-статья.

Ички иштер органдарынын кызматчыларынын жана аскер кызматчыларынын укуктан тышкары күч колдонуусу, кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынан аша чабуулары, анын ичинде жарандардын ушул Мыйзамда белгиленген укуктук кепилдиктерин бузуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

VI Глава
Жарандардын жана юридикалык жактардын өзгөчө абал тартибинин шарттарындагы укуктарынын кепилдиктери

33-статья.

Ушул Мыйзамдын 28-31-статьяларында каралган укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча протоколдор ага ыйгарым укук берилген ички иштер органдарынын же өзгөчө абал киргизилген жердин комендатурасынын кызматчылары тарабынан түзүлөт.

34-статья.

Ушул Мыйзамдын 28-30-статьяларында каралган тартип бузуулар жөнүндөгү иштер үч сутканын ичинде райондук (шаардык) соттун судьясынын өзү же ички иштерёорганынын башчысы же анын орун басары же болбосо айрым жердеги коменданты тарабынан каралат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 256 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-статья.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда же анын алдын алуу же кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштерге байланыштуу жапа чеккен жарандарга тиешелүү мамлекеттик органдар, ошондой эле ишканаларды, мекемелер, уюмдар тарабынан турак-жай берилет же келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулат, ишке орношууларына көмөк көрсөтүлөт жана башка зарыл жардамдар көрсөтүлөт. Турак-жай берүүнүн же зыяндын ордун толтуруунун жана башка зарыл жардам көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

VII Глава
Корутунду жоболор

36-статья.

Кыргыз Республикасынын эл аралык укуктук милдеттерине ылайык өзгөчө абал жарыяланган учурда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы үч күндүк мөөнөттүн ичинде БУУнун Башкы катчысына Жарандык жана саясый укуктар тууралу эл аралык пакт боюнча алынган милдеттерден четтөө катары саналган адамдардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөлөр жөнүндө, бул чектөөлөрдүн көлөмү жана кабыл алынган чечимдин себептери жөнүндө кабар берет.

(КР 2011-жылдын 25-июлундагы N 126 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

37-статья.

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти          А.Акаев

1998-жылдын 2-октябрында   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos