pr jkkg

Эл намысын эр коргойт, эр намысын эл колдойт!

2018-жылдын 22-сентябырында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы «Эл намысын эр коргойт, эр намысын эл колдойт» деген акциянын алкагында масштабдуу чуркоо (флешмоб) өткөрдү.
Чуркоого катышкандар У.Салиеванын эстелигинин жанынан старт алып, Чүй проспекти менен барып, Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драмтеатрынын жанындагы марада токтошту.


Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилиги жана аскер кызматчылары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары, Кыргыз Улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары, ардагерлер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, борбордук ЖОЖдордун студенттери, шаардыктардын жана шаарыбыздын меймандары катышкан акция Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, Мекенге кызмат кылууга жана бул жыл үчүн күзгү чакыруунун башталышына арналды.
Иш-чарадан кийин митинг болуп, анда акциянын катышуучулары кыргыз мамлекеттүүлгү системасындагы Куралдуу Күчтөрдүн ролу жана орду, армия менен элдин бузулбас биримдиги жөнүндө пикирлерин айтып, жащтарды аскердик кызматка баруудан коркпоого чакырды.
«Патриоттуулук, эрдик, Мекенге берилгендик биздин элибиздин алмашкыс баалуулугу болуп келген жана болуп кала берет. Аскердик кызмат оор, ошол эле учурда сыймыктуу дагы, эӊ башкысы – ал биздин өлкөбүзгө, элибизге керек…» деп айтты өзүнүн саламдашуу сөзүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Кубанычбек Орозматов.
Көрүүчүлөрдүн жана акцияга катышуучулардын шатыраган кол чабууларына жана чын дилден кызыгуусуна татыган Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларынын ардак кароол ротасынын, ошондой эле атайын даярдыктагы бѳлүгүнүн курал менен саптык ыкмалары жана кол менен урушуу чеберчилиги флешмобдун кульминациялык кѳз ирмемдерин түздү.

Иш-чара Бишкек шаарындагы «Бир айылдан — бир түшүм» долбоору, Premium Development LLC, Ormon Tentek Branding Agency, ЖчК «Contrast Development Grup», ЖчК «Айт Груп», ЖчК «Фалкон Груп», Бизнес ассоциация JIA жана башка фирма, курулуш компаниялар, чеке ишкерлер тарабынан уюштурулган кѳргѳзмѳ-ярмаркалар менен аяктады.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos