pr jkkg

«Токтогул-2018»

2018-жылдын 19-июнунан 21-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясында, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Токтогул ГЭСинин объекттеринде биргелешкен атайын- тактикалык «Токтогул-2018» машыгуусу өткөрүлдү.
Бул машыгуу аскер кызматчыларынын кесиптик чеберчиликтерин өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын өлкөнүн инфраструктурасындагы өзгөчө маанилүү энергетикалык объекттеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууда, тиешелүү субъекттердеги өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, ошондой эле стратегиялык объекттерге карата болгон мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн кол салуусу менен террордук аракеттерге каршы турууга алдын ала даярдайт.


Улуттук гвардиянын бул машыгууга тартылган кошуундары менен бөлүктөрүнүн машыгуу өтүүчү районго жүрүш жасоосу жана негизги ыкчам топтун жолго чыгуусу машыгуунун алдында жүзөгө ашырылды.
«Токтогул-2018» машыгуусу ОБСЕнин Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин активдүү колдоосу алдында, ошондой эле облустун, Токтогул районунун администрациясынын, Кара-Көл шаарынын мэриясынын, УКМКнын, ИИМдин, ӨКМдин, аймактык дарылоо мекемелеринин жана Токтогул ГЭСинин администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жогорку деңгээлде өттү.
Машыгуунун жыйынтыгында анын катышуучуларынын арасындагы кайтаруудагы объекттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча иш аракеттерде өзгөчө чеберчиликтери менен жогорку даярдыктарын көрсөткөндөр КР ККнын Улуттук гвардиясынын Кол башчысынын медалдары, грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos