pr jkkg

Спорт аркылуу биригүү!

2018-жылдын 27-июлунан 1-августуна чейин КР КК Кургактагы аскерлеинин 20636 аскер бөлүгүнүн базасында КМШга катышкан-мамлекеттердин достук армияларынын офицердик үч түрдүү мелдеш жана шататтык куралдан атуу боюнча чемпионаттары өткөрүлөт.
25-июлдан тартып чемпионаттын катышуучулары Кыргызстанга келе башташты. Чемпионаттын ачылышы 27-июлда КР КК Генералдык штабынын башчысынын биринчи орунбасары п-к Кубанычбек Орозматовдун катышуусунда болду.

Ал өзүнүн саламдашуу сөзүндө: «Бул сыяктуу биргелешкен таймаштар – биздин мамлекеттрибиздин коомдук-турмуштук жашоосунда олуттуу окуя жана биздин армияларыбыздын күжүрмөн достугун бекемдей турган дене тарбия тармагындагы кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүнүн ачык мисалы» деп баса белгиледи.
Спорттук мелдештер өнөктөш-өлкөлөрдүн аскер кызматчыларынын ортсунда Шериктеш мамалекеттердин куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкы бекемдөө, эл аралыки класстагы аскер-спортчуларды даярдоо боюнча тажрыйба аламашуу, Шериктеш мамалекеттердин Куралдуу Күчтөрүнүн спорттук жетишкендиктерин Эл аралык аренада пропагандалоо максатында дайыма өткөрүлүп келе жатат.
Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү меймандарды экинчи жолу кабыл алып жатышат — өткөн жылы бул жерде КМШ КМ ДА 2000ден ашык спортчулары катышкан 2-Аскердик-спорттук оюндарынын ортосунда кызуу таймаш жүргөн.
Бул жылы офицердик үч түрдүү мелдеш өзүнө, жаш өзгөчөлүгүнө ылайык Макаров тапанчасынан атууну, 100 метрге жана 1,2,3, чакырымга чуркоону камтыйт. Штаттык куралдан атуу Макаров тапанчасы жана Калашников автоматынан жатып жана туруп атуу менен жүгүзүлөт.
Чемпионаттар КМШ КМ коргоо министрлеринин Кеӊешинин чечимине жана ошондой эле, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Планына ылайык жүргүзүлүүдө.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos