pr jkkg

НАТО менен кызматташтык

Эл аралык аскердик кызматташтыктын негизги багыты болуп “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” (ТҮӨ) программасынын алкагында чет мамлекеттердин аскер ведомстволору менен өз ара аракеттешүү саналат. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Презентациялык документте аныкталган максаттарга жана милдеттерге ылайык жана өнөктөштүктүн (ИПП) жылына коюлуучу Жеке программасынын негизинде бул программанын иш чараларын ишке ашырууда активдүү катышат.

Коргоо министрлиги менен НАТОнун “ТҮӨ” Программасынын алкагында аскердик жаатта өз ара аракеттешүүсү төмөнкү түзүлүштөрдө өнүгөт: окууларда, конференцияларда жана семинарларда катышуу, ошондой эле өз ара келип-кетүүлөрдү ишке ашыруу. 1994-жылдан баштап 2008-жылга чейинки мезгилде КР КМ 500 дөн ашык аскер кызматчылары төмөнкү темалар боюнча “ТҮӨ” Программасынын алкагындагы иш чараларга катышкан: тынчтыкты сактоо, тил боюнча даярдоо, терроризм жана баңги заттарды ташуу жолдору менен күрөшүү, куралдуу кагылышуулардын Укугу ж.б.

2007-жылы Кыргыз Республикасы, “Пландоо жана анализдөө процесси” (ПАРП) программасына кошулуу жөнүндө чечимди кабыл алып, НАТО менен болгон кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча алгылыктуу иш жасады. Бул программанын максаты болуп ар кандай багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын НАТО менен кызматташтыгын кеңейтүү, өзгөчө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн эл аралык стандарттарга келтирүү жана тынчтыкты сактоо операцияларында Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн өзүнчө бөлүкчөлөрүнүн катышуусу саналат.

2008-жылдын 5-майында Брюссель (Бельгия) шаарындагы НАТОнун Штаб-квартирасында, Кыргыз Республикасынын ПАРП Программасына кошулуу маселеси боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн «26+1» форматтагы (НАТОнун 26 мүчө-мамлекеттери жана Кыргыз Республикасы) сүйлөшүүлөр болгон.

НАТО “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” алкагында Кыргыз Республикасы «Peace Shield» («Тынчтык калканы») командалык-штабдык машыгууларга катышып келет, ал эми 2001-жылдан баштап КР КМ байланыш бөлүкчөлөрү «Combined Endeavour», («Биргелешкен күч») көп улуттуу машыгууларда жыл сайын катышат.

Бийик тоолуу шарттарда аскерлердин күжүрмөн даярдыгынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен акыркы жылдардагы кызматташтыктын маанилүү жана өз алдынча багыты болуп тоо жана атайын даярдык саналат.

2002, 2004 жана 2006-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Чек ара кызматынын бөлүкчөлөрүн тартуу менен тоо даярдыгы боюнча биргелешкен кыргыз-британ машыгуулары өткөрүлгөн.

1999-жылдан баштап жыл сайын КР жана АКШ «Бэлэнс Найф» жана «Бэлэнс Найт» атайын дайындалыштагы күчтөрдүн биргелешкен кыргыз-америка терроризмге каршы окуулар өткөрүлүп келет.

2000-жылдан баштап жыл сайын түрк аскер нускама берүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын жана Туркиянын Куралдуу Күчтөрүнүн атайын бөлүкчөлөр менен 12 жумалык курстар өткөрүлөт.

2004, 2005 жана 2006-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында Коргоо министрлигинин атайын бөлүкчөлөрүн жана Франциянын Куралдуу Күчтөрүнүн 27-тоо жөө аскерлер бригадасын тартуу менен тоо даярдыгы боюнча 2 жумалык биргелешкен кыргыз-француз машыгуулары өткөрүлгөн.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos