pr jkkg

ШКУ чегиндеги кызматташтык

2001-жылдын 14–15-июнунда Шанхайда  Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан, алты мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу өткөн, анда КШУну түзүү боюнча жарыяланган. Саммитте негизги багыттар катары кабыл алынган Декларацияда Орто Азиядагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту кармоо жана камсыздоо, ошондой эле саясий, соода-сатык-экономикалык, илимий-техникалык, маданий, билим берүү, энергетика, транспорттук, экологиялык жана башка жааттарда кызматташтыкты өнүктүрүү айтылган.

КШУну түзүү жөнүндө Декларацияны кабыл алуу менен бирге уюштуруучу-мамлекеттердин жетекчилери Шанхайдагы жолугушууда терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү жөнүндө Шанхай конвенциясына кол коюшкан, ал эл аралык деңгээлде биринчи жолу сепаратизм жана экстремизмдин аныктамасын, кийин жазыктуу жосун болуучу зомбулук катары бекиткен. Бул 11-сентябрдагы трагедияга чейин үч ай калганда болгон. Ушуну менен, КШУ, эл аралык деңгээлде баарынан мурда терроризмге сокку урууну так сунуштаган уюм катары болуп калган.

2002-жылдын июнь айында КШУ мүчө-мамлекеттердин башчыларынын экинчи жолугушуусу Санкт-Петербургда болуп өткөн, анда төмөнкү үч документке кол коюлган:     Кызматташтыктын Шанхай уюмунун хартиясы, Аймактык терроризмге каршы түзүлүш жөнүндө КШУ мүчө-мамлекеттердин ортосундагы макулдашуу (башынан – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин демилгеси) жана КШУ мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Декларациясы. Бул устав, кызматташтыктын башкы багыттары менен катар жалпы курстун ички түзүлүшүн жана түзүлүүнүн механизмдерин жана башка өлкөлөр, уюмдар менен өз ара аракеттешүүнү түзүүнү аныктаган базалык документ болуп саналт.  Мында кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр аныкталган:

— аймакта тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту кармоо жана бекемдөө, жаңы демократиялык, адилеттүү жана туура саясий жана экономикалык эл аралык тартипти түзүүгө жардам көрсөтүү максатында көп багыттуу кызматташтыкты өнүктүрүү;

— бардык пайда болгон терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге биргелешип каршы аракет кылуу, баңги заттарды жана куралдарды, ташуучу кылмыш ишмердүүлүгүнүн башка түрлөрүн мыйзамсыз иштетүүлөр менен, ошондой эле мыйзамсыз миграция менен күрөшүү.

Терроризмдин маанилүү өзгөрүүсү, анын доктриналык багыттарынын өзгөрүүсү, аскердик операцияларга окшош операцияларды өткөрүүгө болгон жаңы технологияларды жана куралдарды колдонууну кеңейтүү КШУ мамлекеттердин аскер потенциалдарын шайкеш кошууну талап кылды.

Натыйжада, жаңы муундун коркунучтары жана чакыруулары менен күрөшүүдөгү кызматташтыкка коргонуу ведомстволору кирип жатышат – 2003-жылдын август айында Казакстан жана Кытай аймактарында «Взаимодействие-2003» деген биргелешкен контртеррордук окуу өткөрүлгөн.

Биргелешкен аскер окууларын мындан ары да өткөрүүгө өздөрүнүн каалоолорун билдирген мүчө-мамлекеттер, 2007-жылы 27-июнда Бишкек шаарында өткөн Уюмдун коргоо министрлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө тиешелүү Макулдашууга кол коюу менен бекитишкен. «Тынчтык миссиясы» деген биринчи окуу 2007-жылдын август айында  Кытай жана Россия Федерациясынын аймактарында, экинчиси 2010-жылдын октябрь айында Казакстанда өткөн.

Биргелешкен окууларды өткөрүү, тараптар тарабынан кызматташтыктын маанилүү багыты катары карашат, себеби алар аскердик күчтү колдонуу менен эл аралык терроризм менен күрөшүүгө КШУга мүчө-өлкөлөрдүн даяр экендигин далилдеп турат.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos