pr jkkg

Экинчи штабдык сүйлөшүүлөр

2018-жылдын 4-6-июндарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Ыкчам жайылтуудагы жамааттык күчтөрүнүн (ЫЖЖК) аскердик контингенттери менен командалык-штабдык «Өз ара аракеттенүү-2018» машыгуусун уюштуруу жана өткөрүү боюнча экинчи штабдык сүйлөшүүлөр болду.
Иш-чарага Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргызстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын коргоо ведомстволорунун, Катчылыктын жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бириккен штабынын өкүлдөрү катышты.


Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын аймагында «Өз ара аракеттенүү-2018» машыгуусу болот.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар машыгуунун алдын ала түзүлгөн планын карашты жана аны ар тараптуу камсыздоо, өткөрүү тартиптери тууралуу өз ара талкуу жүргүзүштү.
Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары менен машыгуу өтүүчү район рекогносцировкаланды (жакшылап карап чыгуу) жана машыгуу өткөрүлүп жаткан учурда командалык-штабдык машыктырууларды жүргүзүү тууралуу келишимдерге жетишишти.
Өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча командалык-штабдык «Өз ара аракеттенүү-2018» машыгуусун өткөрүү жана ага даярдык көрүүнүн тартиптери боюнча протоколго кол коюлду.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos