pr jkkg

Кызматташтыкты тереңдетүү

2018-жылдын 11-июнунан 14-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дуйшенбиевдин жетекчилиги алдындагы аскердик делегация Өзбекстан Республикасына расмий иш сапар менен барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө кѳз карандысыз мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу жүзѳгѳ ашырылып жаткан коргоо ведомстволорунун башчыларынын деңгээлиндеги Өзбекстан Республикасынын Коргоо министри генерал-майор А.Азизов менен жолугушуу болду.


Жолугушуунун жүрүшүндѳ аскердик кызматташуунун маселелери жана алардын мындан аркы ѳнүгүшү, анын ичинде регионалдык коопсуздукту камсыздоо консолидациясынын зарылдыгына ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча аскердик багытта биргелешип ар түрдүү иш-чараларды уюштурууну караган 2018-жылга карата түзүлгѳн эки тараптуу аскердик кызматташтыктын Планына кол коюлду.
КР ККнын Генералдык штабынын башчысынын иш сапары эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгынын, анын ичинде аскердик чөйрөдөгү кызматташтыгынын логикалык уландысы болду.
Ведомствонун жетекчилеринин бул сыяктуу жолугушуусу акыркы жолу 2001-жылы өткөрүлгөн.
КР КК ГШнын башчысы иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле байыркы Самарканд шаарында болду жана Самарканд облусунун акими Т.Джураев менен жолугушту.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos