pr jkkg

РФ Борбордук аскер округунун командачысы менен жолугушуу

2018-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Р.Дуйшенбиев Россия Федерациясынын Бобордук аскер округунун командачысы генерал-лейтенант А.Лапин менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар күндөлүк эл аралык кырдаал жөнүндө пикир алышып, мындан аркы кызматташтыктын багыттарын, ошондой эле, республикада өтүп жаткан командалык-штабдык биргелешкен миашыгуулардын жүрүшүн талкуулашты.
Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташтык планынын, куралдуу күчтөрдүн бөлүкчөлөрүнүн ыкчам жана күжүрмөн даярдыгынын ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилеп, мындан ары да Биргелешкен аскердик топтордун ишин активдештирүү керек экенине токтолушту.
Жолугушуудан кийин РФ Куралдуу Күчтөрүнүн Борбордук аскер округунун командачысы Балыкчы шаарына РФ Куралдуу Күчтөрүнүн БАОнунун жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин бөлүкчөлөрү менен командалык-штабдык биргелешкен машыгуусунун активдүү фазасына катышуу үчүн жөнөп кетти.
[metaslider id=»3183″]

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos