pr jkkg

Кыргыз Республикасынын түштүгүндө улуттук коопсуздукту камсыздоо жаатында квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү

2018-жылдын 19-июнунан 21-июнуна чейин Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кризиске жооп кылуу борбору тарабынан Кыргызстандын түштүк регионундагы шаарлардын мэрлери жана райондордун мамлекеттик администрация башчылары менен улуттук коопсуздукту камсыздоо тармагында квалификацияны жогорулатуу боюнча курстары өткөрүлдү.
Бул курстар Генералдык штаб тарабынан 2015-жылдан бери жыл сайын өткөрүлөт. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 12-14-июндарында республиканын түндүк регионундагы мамлекеттик кызматчылар да КР ККнын Күжүрмөн даярдоо борборунун базасында ушундай эле курстардан өтүшкөн.
Мындай курстарды өткөрүүнүн максаты – шаарлардын мэрлери менен мамлекеттик администрация башчыларын, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана башка күч түзүмдөрүнүн ортосундагы мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыздоо багытындагы негизги иш-чараларды аткаруусунда өз ара биргелешип иш-аракеттерди жүргүзүүсүнө үйрөтүү болуп саналат.


Акимдер менен айыл өкмөттөрүнүн башчылары үч күн бою Генералдык штабдын министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын алардын карамагындагы административдик аймактарда улуттук коопсуздукту чыңдоо боюнча белгиленген тартиптер тууралуу окуткандарын үйрөнүшөт; кризистик кырдаалдарда жана террорго каршы операцияларды ж.б. жүргүзүүдө коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоо, аймактык коргонуу менен жарандык коргоону киргизүү жана ага даярдануу маселелерин карап чыгышат. Курстун катышуучуларынын бардыгы теориялык билим алуу менен гана чектелбестен Макаров тапанчасы жана Калашников автоматынан практикалык түрдө ок атууларды жүргүзүү менен өз көндүмдөрүн текшерип көрүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга алардын курстан өткөндүктөрү тууралуу сертификаттары тапшырылды.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos