pr jkkg

Жазга даярдык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемеси жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасына ылайык 2018-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын борбордук аппаратынын өздүк курамы Бишкек гарнизонунун аймагындагы тазалыкты сактоо жана социалдык инфратүзүмдөрдү жакшыртуу максатында жалпы шаардык ишембиликке чыгышты.


Аскер кызматчыларына тиешелүү бекем тартиптин сакталуусу менен аларга бекитилип берилген аймак тазаланып чыкты, «генштабчылар» эки саатка жетпеген убакта Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки аралыкты көргөн көз сүйүнгүдөй кылып жаркыратып ирээтке келтиришти. Кыштын узак күндөрүндө бак-дарактардын бутактары менен жалбырактарына толуп калган арыктар бекитилип берилген аймактан толугу менен тазаланды.
КР ККнын Генералдык штабы өзү жайгашкан аймактарды жыл мезгилинин кайсыл учуру экендигине карабастан ар дайым тазалап, ирээтке келтирип тураарын айта кетүү оң.

 

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos