pr jkkg

«Спецназда» туулган күн

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин «Скорпион» атайын багыттагы бөлүкчөсү 1994-жылдын мартында түзүлгөн. 30-мартта бөлүк өзүнүн түзүлүү күнүнүн 24 жылдыгын белгилейт. Бүгүнкү күндө, бай тажрыйба менен мыкты күжүрмөн даярдыктагы атайын багыттагылар, ар түрдүү эл аралык машыгуулар менен таймаштарда биздин өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн татыктуу көрсөтүп келе жатышат.
КР ККнын Кургактагы аскерлеринин кол башчысы полковник Э.Тердикбаев бөлүктүн алдыңкы көрсөткүчтөрүн баса белгиледи жана жаңы ийгиликтерди каалоо менен өздүк курамды куттуктап өттү. Ошондой эле салтанатка чакырылган коноктордун арасында ар түрдүү жылдарда кошуунга башчылык кылган Куралдуу Күчтөрдүн запастагы офицерлери, Токмок шаарынын мэри Ж.Шамыралиев, шаар тургундары, ардагерлер жана окуучулар болушту.


Салтанаттын катышуучулары бөлүктөгү аскер техникалары менен куралдануусунун экспозициясы менен тааныша алышты, ошондой эле террорчулардын колунан атайын багыттагылардын туткундарды кандайча бошоткондугуна күбө болушту. Иш-чаранын жүрүшүндө эки күн мурда жашыл беретти алуу үчүн болгон татаал сыноодон өтө алышкан өзгөчө белгинин ээлери бөлүктүн командири менен ардагерлердин колунан «жашыл береттерди» алышты.
Атайын багыттагы «Скорпион» бөлүкчөсү чындыгында эле мыктынын мыктысы деп эсептелет. Алар аскер кызматындагы алдыңкы көрсөткүчтөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Вымпели менен бир нече жолу сыйланышкан.
Атайын багыттын аскерлери ар дайым күжүрмөн даярдыкта туруусу керек, бул алардын негизги тапшырмасы болуп саналат. Сутканын 24 сааты бою бөлүкчө атайын багыттагылардын тартибинде жашашат.
Күн сайын өткөрүлүүчү ок атуулар, чалгындоо, талаа чыгуулары, спорт залындагы күчөтүлгөн машыктыруулар, тоо даярдыгы жана башкалардын бардыгы бөлүктүн бүгүнкү күндөгү аскердик күн тартибинде. Кыскартып айтканда бөлүктөгү ар бир күн күжүрмөн даярдыктын эки эселенген көнүгүүлөрүнө толтурулган жана аскерлердин чеберчиликтери жакшыртылып, өнүктүрүлүп келет. Анткени татаал жана кокусунан жиберилген тапшырмаларды аткарганга атайын багыттын аскери ар дайым даяр турушу керек экендигин алар жакшы билишет.
Жыл өткөн сайын атайын багыттагы бөлүкчөдө кызмат кылууну каалагандардын саны өсүүдө. Жаңы үлгүдөгү армиянын талаптарынын бардыгы жолго коюлгандыктан атайын багыттагы бөлүкчөнүн келечеги кең. Бул бөлүк анда кызмат кылуу чоң сыймык болуп эсептелген Куралдуу Күчтөрдүн элиттүү бөлүкчөсү болгон жана боло бермекчи.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos