pr jkkg

«Өз ара аракеттешүү — 2018»

2018-жылдын 13-октябрында КР Куралдуу Күчтөрүнүн «Эделвейс» окуу борборунда Балыкчы ш. ЖККУ оперативдүү жооп кылуу Жаматтык күчтөрүнүн аскердик контингенти менен «Өз ара аракеттешүү -2018» командалык-штабдык машыгуусунун активдүү фазасы жана жабылышы болуп өттү.
Иш чара КР КК ГШ башчысынын биринчи орун басары полковник К.Орозматовдун, ЖККУнун Генералдык катчысынын орун басары П.Тихоновскийдин, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник А.Сидоровдун, Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Борбордук аскер округунун аскерлеринин командачысы генерал-лейтенант А.Лапиндин, КР Жогогорку Кеӊешинин, Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаттарынын, чакырылган меймандардын катышуусу менен өттү.
Машыгуунун башкы максаты – ЖККУнун ыкчам жооп кылуу Жамааттык күчтөрүн биргелешип пландоо жана колдонуу формаларын иштеп чыгуу.


«Өз ара аракеттешүү-2018» биргелешкен машыгуусу Коргоо министрлеринин жана ЖККУнун коопсуздук кеӊешинин катчылар Комитетинин 2017-жылы бекиткен Планына ылайык уюштурулуп, ЖККУнун Аскерлерин (Жамаатык күчтөрүн) ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын жамааттык негизде коргоо үчүн колдонуу маселелерин иштеп чыгууга багытталган.
Машыгуу учурунда ЖККУнун ыкчам жооп кылуу жамаатык күчтөрүнүн күчтөрү жана каражаттары менен күжүрмөн, материалдык, техникалык жана камсыдоонун башка түрлөрү боюнча коюлган тапшырманы чечүүдө өз ара аракеттешүү тартиби, ошондой эле, биргелешкен операцияны ар тараптан камсыдоону пландоо маселелери иштелип чыкты, тапшырылган аймакка күжүрмөн ок атуулар менен чыгып, практикалык аракеттерди жүргүзүү ишке ашырылды. Маселен, операциялардын эпизоддорун иштеп чыгуунун жүрүшүндө «Форпост» учкучу жок учуучу аппараттар ишке киргизилип, шарттуу ЖККУга мүчө-мамлекеттин чек арасында «согушчандардын» негизги күчүнүн «жылып келе жатканын» көрүштү. Аларга карата Россия Федерациясынын Ту-22МЗ эки бомбардировщиги, Су-25 жана Ми-24 тик учагынын штурмалоочулары менен эскертүүчү бомбалоолор болду.
ЖККУнун ыкчам жооп кылуу Жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттери менен «өз ара аракеттешүү-2018» командалык-штабдык машыгуусуна бардыгы болуп 2000ге жакын аскер кызматчысы, 300 бирдик техникалар, 40ка жакын учуучу аппараттар, анын ичинде УУА (учкучсуз учуучу аппараттар) тартылган. Кыргыз Республиксындагы Маневрлар ЖЖКУнун «Күжүрмөн боордоштук-2018» бирдиктүү ой-пикиринин оперативдик-стратегиялык машыгуусунун чектериндеги аскердик конфликтти чечүү фазасынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп калды.

 

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos