pr jkkg

Поклон тоосунда урматтоо

2018-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн делегациясы Москва шаарындагы Поклон дөңсөөсүндө 1-советтик дыйкандар полкунун 100 жылдыгын майрамдоо салтанатына катышты. Салтанаттын жүрүшүндө оркестрдин жана ардак кароолдун Кремлдик ротасынын катышуусунда салтанаттуу митинг жана Жеңиш Монументи менен Түбөлүк отко гүл чамбар коюу болду.
Юбилейди белгилөө үчүн М.В.Фрунзе атындагы 282 мотоаткычтар полкунун ардагерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, РФ Аскер Академиясынын кыргызстандык угуучулары, биздин РФ Жогорку-аскердик окуу жайларындагы курсанттарыбыз келишкен.


1-советтик дыйкандар полку бүгүнкү ундө 73809 аскер бөлүгүнө кайрадан аталган жана күжүрмөн салттарын бузбай улантып келе жатат.
Азыркы кошуун, 1997-жылдын 8-декабрынан тарта КР Жөө аскерлеринин өзүнчө кошуунуна кирүү менен, мурдагы аскердик түзүмдөрдүн бардыгынын жолун улантуучусу, полктун Күжүрмөн туусун, тарыхый формулярын, сыйлыктарын жана ардак наамдарын сактоочусу болуп саналат.
Курамында КР КК Генералдык штабынын инспекциялар Башкы башкармалыгынын башчысы полковник Б.Асанов, 73809 аскер бөлүгүнүн командири подполковник Б.Кочконов жана запастагы полковник С. Курманбеков болгон биздин делегация юбилейлик медалдар, китептер жана 1-советтик дыйкандар полкунун вымпели менен сыйланышты.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos