pr jkkg

Офицерлер полку толукталууда!

Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Куралдуу Күчтѳрдүн Аскер институтунун жаш офицерлеринин бүтүрүү кечеси 2018-жылдын 23-июнунда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында болот.
Жаш офицерлерди алардын жашоосундагы маанилүү учуру менен куттуктоо үчүн Куралдуу Күчтѳрдүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дуйшенбиев, ѳкмѳттүн ѳкүлдѳрү, Куралдуу Күчтѳрдүн ардагерлери, ошондой эле бүтүрүүчүлѳрдүн туугандары жана жакындары келишти.


Бүтүрүүчүлѳр оркестр маршынын коштоосунда сапка тизилип келишип аскердик билим алуу учурунда жагымдуу “алтын уяга” айланып калган окуу жайдын Күжүрмѳн Туусунун чыгарылышын салтанаттуу тосуп алышты. Бүгүн алардын – 73-ашык бүтүрүүчүлѳрдүн курсанттык погондору жаркыраган лейтенанттын жылдыздары менен алмаштырылды, алгачкы аскердик жылдыздар менен жогорку билими тууралуу дипломдор аскер жетекчилери тарабынан тапшырылды.
Жогорку аскердик окуу жайдын бүтүрүүчүлѳрүнѳ салтанаттуу маанайда тѳш белгилер жана жогорку билими тууралуу дипломдор берилди, ал эми алардын арасындагы тѳртѳѳнѳ – окууда ѳзгѳчѳлүгүн кѳрсѳтүп институтту кызыл диплом менен аяктап жаткандарга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Генералдык штабынын башчысынын колунан дипломдор тапшырылды.
Генералдык штабдын башчысы генерал-майор Р.Дуйшенбиев ѳзүнүн куттуктоо сѳзүндѳ жаш лейтенанттарды аскер окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп жатышкандыктары менен куттуктады, офицердик корпустун мамлекеттин кѳз карандысыздыгын коргоодо маанилүүлүгүн баса белгиледи жана мындан ары Кыргызстандын тынчтыгы, гүлдѳп ѳнүгүүсү үчүн сыймык менен, чынчылдык менен, чын дилден кызмат кылгыла деп насаат калтырды.
Иш-чаранын адаттагы салтанаттуу бѳлүгү аяктагандан кийин жаш офицерлер баш кийимдерин чечишип, тизе бүгүү менен Аскер институтунун Күжүрмѳн Туусу менен коштошушту. Бул аскердик ритуал менен алардын дарегине карата айтылган каалоо-тилектерден кийин, жаш лейтенанттар аскердик марштын коштоосунда аянттан салтанаттуу түрдѳ басып ѳтүштү. Салтанаттуу иш-чара офицердик вальс менен жыйынтыкталды.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos