pr jkkg

Офицерлердин катары толукталууда

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабында мөөнөттүү аскер кызматын өтөп бүткөн жогорку билими бар аскер кызматчыларынын запастагы офицерлерди даярдоо боюнча уюштурулуучу бир айлык жыйыны аяктап жатат.
Бул КР КК ГШ тарабынан берилген мүмкүнчүлүктү быйыл 200гө жакын жоокер пайдаланганы турат, алар биринчи офицердик наамды алышып, келечекте мамлекеттик кызматтарда, анын ичинде күч түзүмдөрүндө иштей алышмакчы.


Үстүбүздөгү жылдын офицердик жыйынынын бүтүрүүчүлөрүнүн бардыгы, бир аз күндөн кийин аскердик кызматтын убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу үйлөрүнө кеткени жаткан 2017-жылдын күзгү аскерге чакыруусунда чогултулгандар. Алар бир ай бою тоо-аткычтар взводунун командирлерин даярдоо боюнча программанын теориялык жана практикалык негиздерин окуп үйрөнүшүп, негизги жана атайын предметтерден билим алышты. Албетте, бышыктоо өтүлгөн темалардан экзамендердин берилиши менен жыйынтыкталды. Жыйынды ийгиликтүү окуп бүтүргөндөр 2018-жылдын 11-апрелинде алгачкы офицердик «лейтенант» наамын алышты.
Жаш офицерлерге арналган бүтүрүү салтанаттары КР ККнын Күжүрмөн даярдоо борборунун, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Улуттук гвардиянын Квалификацияны жогорулатуу борборлорунун базаларында өткөрүлдү.
Акыркы жылдары жогорку билими бар жарандардын арасында Куралдуу Күчтөрдүн катарында мөөнөттүү аскер кызматын өтөөнү каалагандардын саны көзгө көрүнөөрлүк деңгээлде өсүп калды, мөөнөттүү аскер кызматына чакырылуучулардын сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүүчү кубантаарлык көрүнүш, республиканын аскер комиссариаттарында катталып калган маалыматтардан улам чыгууда.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos