pr jkkg

КК ГШ башчысы

15007

 Дуйшенбиев

Райимберди Сейдакматович

 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор.

1974-жылы 11-декабрда туулган.

1995-жылы Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарындагы чек арачылардын жогорку командалык окуу жайын бүтүргөн.

2007-жылы Россия Федерациясындагы Коопсуздук кызматы федерациясынын (ФСБ) Чек ара академиясын бүтүргөн.

Аскердик жолун Россия Федерациясынын Федералдык чек ара кызматынын Кыргызстандагы өзүнчө тобу болгон (ОГ ФПС РФ) Нарын чек ара отрядында «Торугарт» чектозотунун (застава) башчысынын орун басары кызматы менен баштаган.

1997-2011-жылдары ар түрдүү офицердик жана жетектөөчү кызматтарда: чек ара ведомствосунун кошуундары менен түзүмдүк башкармалыктарында, чек ара бөлүкчөлөрүндө командачылыктарында өтөгөн.

2011-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын чек ара ведомствосунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

2013-жылдын ноябрынан 2014-жылдын февралына чейинки аралыктарда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткарган.

2014-жылдын 22-февралынан баштап Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматын жетектеген.

2016-жылдын 11-майынан баштап кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалган.

Үй-бүлөсү үч уулу бар.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos