pr jkkg

Мобилизациялык резервдин жыйыны

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, аскер комиссариаттарында жана жыйын пункттарында жарандарды мобилизациялык резервдин жыйынына чакыруу иш-чаралары өткөрүлүүдө.


Жогоруда белгиленген Мыйзамдын 21 беренесине ылайык, жыйырма беш жашка чыккан жана аскердик же альтернативдик кызматтарды өтөбөгөн, райондук (шаардык) аскерге чакыруу комиссияларынын чечими менен аскерге чакырууну кийинкиге калтыруу же бошотуу укуктарын албагандар, укук коргоо органдары кылмыш ишинин козгоодон баш тартса мобилизациялык резерв жыйынынан өтө алышат.
Ушул максатта 2018-жылдын 5-мартынан 3-апрелине чейин КК Генералдык штабынын 20636 аскер бѳлүгүнүн базасында мобилизациялык резервдин жыйындары ѳткѳрүлѳт. Кыргыз Республикасынын жыйырма беш жаштан кырк жашка чейинки 300 гѳ жакын чакырылуучулары бир ай бою аскер ишине үйрѳнүшѳт. Жыйындын аягында катышуучулар Аскердик ант беришип, запаска киргизилип, жашаган жери боюнча биринчи категориядагы аскерге милдеттүү жаран катары каттоого алынат.

[metaslider id=»3136″]

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos