pr jkkg

КЭРдин аскердик делегациясынын иш сапары

2018-жылдын 6-сентябрында Кытай Элдик Республикасынын Борбордук аскердик кеңешинин төрагасынын орун басары генерал-полковник Сюй Цилян башында турган аскердик делегация келди.
Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дуйшенбиев аскер делегациясы жана алардын башчысы менен жолугушту.


«Кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээли дайыма жогору болгон. Биз кошуна мамлекет менен болгон мамилени, достукту жана кызматташтыкты биздин өлкөлөрдүн элинин кызыкчылыгы үчүн, региондун, жалпы эле дүйнөнүн коопсуздугу үчүн чыңдап гана турабыз,»-деди Генштабдын башчысы коноктор менен жолугушууда.
Кыргыз-кытай кызматташтыгы эки тараптуу негизде гана эмес, Шанхай кызматташтык уюмунун форматында да активдүү өнүгүп келе жаткандыгын эскерте кетели. Кызматташтыктын жылдарында кытай тараптан Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө куралдануу, аскердик жана атайын техникалар, материалдык-техникалык мүлктөр, Асман чабуулунан коргонуунун жана байланыштын каражаттары, турак жайларды куруу ж.б. түрүндө ири жардамдар берилген.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу аскердик жана техникалык кызматташтыкты тереңдетүүгө байланышкан маселелердин тизмесин карашты жана мындан аркы биргелешкен иш-аракеттердин келечегин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен КЭРдин Коргоо министрлигинин ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандумга, кезектеги грантты берүү Макулдашуусуна, куралдануу жана аскер техникаларын жөнөтүү боюнча Протоколго кол коюлду.
Жолугушуудан кийин кытай коноктору Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө болушту жана аларды бөлүктүн аймагы менен тааныштыруу боюнча экскурсия уюштурулду, алар Кыргыз Республикасындагы эң көп жаштагы аскердик кошуундун тарыхы менен таанышышты. Ошондой эле аскер делегациясынын планында Балыкчы шаарындагы аскер бөлүгү менен таанышуу да бар.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos