pr jkkg

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу тармагында адистикти жогорулатуу курстары

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Куралдуу Күчтөрдүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын күчтөрү менен каражаттарын ыкчам башкаруу жана өз ара аракеттенишүүсүн уюштуруу максатында 2018-жылдын 12-июнунан 14-июнуна чейин КР Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдык Борборунун базасында Чүй, Талас, Ыссык-Көл жана Нарын областтарынын жергиликтүү мамлекеттик (муниципалдык) административдик башчылары жана шаар мэрлери үчүн адистикти жогорулатуу курстары өткөрүлөт.


Ага, КР КК Генералдык штабынын Кризиске жооп кылуу Борборунун башчысы полковник А.Камалов жетекчилик кылат.
Курстун максаты — угуучуларга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана башка күч мекемелеринин ортосунда мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды аткарууда өз ара аракеттенишүүсүн уюштуруунун негиздеринен түшүнүк берилет.
Аталган курстар 2015-жылдан бери Генералдык штаб тарабынан Кыргыз Республикасынын областтарынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын, шаар мэрлерин тартуу менен ырааттуу өткөрүлүп келе жаткандыгын белгилеп кетсек болот.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos