pr jkkg

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Коллегиясынын отуруму

2018-жылдын 17-ноябрында Куралдуу Күчтѳрдүн Күжүрмѳн даярдоо борборунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Коллегиясынын отуруму болду.
Коллегия Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Р.Дуйшенбиевдин жетекчилиги астында КР Аскер прокуратурасынын, КР Аскердик контрчалгындоо башкармалыгынын, Республикалык жоокер энелери комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.


КР ККнын Аскердик коллегиясы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн жетектѳѳчү курамынын, башкаруу органдарынын, кошуундар, бѳлүктѳр жана мекемелеринин командалык курамынын 2018-окуу жылын жыйынтыктоо боюнча жүргүзгѳн Ыкчам жыйынынын логикалык жыйынтыгы болуп саналды.
Коллегиянын отурумунун жүрүшүндѳ КР ККнын бардык түзүмдѳрүнүн иш-аракеттери тууралуу докладдарды угушту, Куралдуу Күчтѳрдүн күжүрмѳн жана ыкчам даярдыктарынын сапаттуу уюштурулушуна, күжүрмѳн жана мобилизациялык даярдыктын жүрүшүнѳ карата жыйынтыктар чыгарылды.
КР ККнын башкаруу органдары менен бѳлүктѳрүнүн ѳткѳн жылдагы кызматтык-күжүрмѳн иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча тиешелүү баалар берилди. Жыл жыйынтыгы боюнча КР КК Улуттук гвардиясы мыкты аскердик башкаруу органы деп табылып, КР КК Генералдык штабынын башчысынын өтмө вымпели менене сыйланды.
Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Генералдык штабынын башчысы күжүрмѳн жана мобилизациялык даярдыктын деңгээлин кѳтѳрүү, аскерлерди күжүрмѳн даярдоо, аскердик тартипти жана укук тартибин чыңдоо, ошондой эле коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча негизги тапшырмаларды берди.
Отурум Кыргыз Ресурубликасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Генералдык штабынын башчысынын КР ККнын ѳздүк курамын окуу жылынын жыйынтыкталышы боюнча сыйлыктарды тапшыруусу тууралуу буйругун жеткирүү менен жыйынтыкталды.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos