pr jkkg

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Күнү

Бүгүн, 2018-жылдын 29-майында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 26 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.
Иш-чарага Өкмөттүн, КРдин Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын, күч түзүмдөрүнүн мекемелеринин жетекчилери, Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары жана ардагерлери, республиканын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле чет өлкөлөрдүн аскердик-дипломатиялык миссиясынын башчылары катышты.


Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Р.С.Дуйшенбиев салтанаттуу чогулушту ачып, залда отурган ардагерлер менен аскер кызматчыларын, меймандарды КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн кезектеги майрамы менен куттуктады.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Президент-Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо катын окуп берди жана КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин,Улуттук гвардиянын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өзгөчөлөнгөн 5 кызматчысына мамлекет башчысынын ысымдалган сааттарын тапшырды.
КРдин Премьер-Министринин атынан дагы 5 адамга сыйлыктарды тапшыруу тууралуу катты КРдин вице-премьер-министри Жеңиш Разаков окуп аскер кызматчыларына баалуу белектерин берди.
Иш-чаранын алкагында “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнө 26 жыл” деген темадагы сүрөт көргөзмө жана Армиянын борбордук үйүнүн чыгармачыл коллективинин аткаруусундагы концерттик программа уюштурулган.
Күндүн дагы бир маанилүү окуясы аскер кызматчылары үчүн 12-кичирайондо 54 квартиралуу үйдүн ачылышы болду. Салтанатка Президент — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Сооронбай Жээнбеков катышып, жаңы конуш ээлерине ачкычты өз колу менен тапшырды.

 

 

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos