pr jkkg

Кызматташтыктын багытын арттырып

2018-жылдын 25-июлунда Бишкекке Казак Республикасынын коргоо министри генерал-полковник Сакен Жасузаков башында турган аскер делегациясы расмий сапар менен келишти.
Аталган иш сапары эки мамлекеттин эгемендикке ээ болгонунан берки кыргыз-казак тарыхындагы биринчи сапар болуп саналат.
Өзүнүн саламдащуу сөзүндө Генштабдын башчысы Р.Дуйшенбиев биздин мамлекеттер ортосундагы кызматташтык маселелердин кеӊири чөйрөсүндө, саясий, экономикалык, маданий жана аскердик тармакта жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Жолугушуу учурунда тараптар Борбор Азия аймагындагы кырдаалды талкуулап, эки мамлекеттин куралдуу күчтөрүндөгү курулуш,, биргелешкен коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча тажрыйба аламашып, ошондой эле, аскер кызматташтыгынын ар түрдүү багыттары, анын ичинде аскер кадрларын даярдоодон баштап, атайын багыттагы күчтөрдү, ыкчам иликтөө, биргелешкен тоо даярдыгы жана башкалар боюнча ишти активдештирүүнү макулдашты.
Ошондой эле, Кыргызстандын коргоо мекемесинин жетекчиси казак делегациясына көп пландуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, бекемдөөгө бекем колдоосу жана даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын өкмөттөрү ортосунда аскердик чалгындоочулук тармагында аракеттенишүү жөнүндө Келишимге кол коюлду. Мындан сырткары тараптар мындан ары дагы эки тараптуу кызматташтыкты кеӊейтүүгө даяр экендиктерин билгизишти.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos