pr jkkg

КР КК ГШнын жетекчилик курамынын ыкчам жыйыны

КР Куралдуу Күчтөрүн 2017-жылга даярдоо планына ылайык, 21-ноябрда КР КК Күжүрмөн даярдык Борборунун базасында (Жетиген к.п) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитетинин башкаруу органдарынын жетекчилиги, кошуундардын, бөлүктөрдүн жана мекемелердин командалык курамы менен ыкчам жыйын өз ишин баштады.
Ыкчам жыйынды өткөрүү, башкаруу органдарынын бирдей иш ыкмасын иштеп чыгууга жана 2017-жылы өткөрүлгөн иш-чараларга анализ жасоого арналган.


Жыйындын жүрүшүндө катышуучулары менен көрсөтмө-методикалык сабактарды өткөрүү пландалган. Бул өз ичине күжүрмөн, ыкчам жана мобилизациялык даярдыкты камтыйт.
Сабактардын планына ылайык, офицерлер Борбордук Азия аймактарындагы жана Жакынкы Чыгыштагы аскердик-саясий абал, куралдуу кагылышууларда согуштук аракеттерди жана техникалык камсыздоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышат.
Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө күжүрмөн даярдыктын, аскердик дисциплинанын, аскерлерди ар тараптуу камсыз кылуунун абалы боюнча докладдар угулат.
Жыйын 23-ноябрда жыл жыйынтыгын чыгаруу жана 2018-окуу жылына тапшырмаладрды коюу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Коллегиясынын отурумун өткөрүү менен аяктайт.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos