pr jkkg

КР КК ГШнын жетектөөчү курамынын ыкчам жыйыны жана 2018-жылга жыйынтыктарды чыгаруу

КР ККнүн 2018-жылга даярдоо Планына ылайык 15-ноябрда КР КК күжүрмөн даярдык борборунун базасында (Жетиген к.п.) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жетектөөчү курамы, башкаруу органдары, кошуундардын, бүлүктөрдүн жана мекемелеринин командалык курамы менен ыкчам жыйын өз ишин баштады.
Ыкчам жыйынды өткөрүү башкаруу органдарынын ишинини бирдиктүү методикасын иштеп чыгууга жана 2018-жылга өткөрүлгөн иш чараларга анализ жасоого багытталган.


Жыйындын чегинде, жыйындын катышуучулары менен күжүрмөн, оперативдик жана мобилизациялык даярдыктын элементтерин камтыган нусакамалык-методикалык сабактарды өтүү пландалган.
Сабактардын планына ылайык, офицерлер Борбор-Азия аймагындагы аскердик-саясий кырдаалдар жана КР соттук-укуктук реформасынын чегинде 2019-жылдын 1-январынан баштап кирүүчү жаӊыдан киргизилген өзгөчөлүктөрү менен таанышат.
Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө күжүрмөн даярдыктын, аскердик тартиптин, аскерлерди ар түрдүү камсыз кылуунун абалы боюнча докладдар угулат.
Жыйын 17-ноябрда жыйынтыктарды чыгаруу, 2019-окуу жылына жаӊы тапшырмаларды коюу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Коллегиясынын отурумун өткөрүү менен аяктайт.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos