pr jkkg

«Коопсуздук-2018»

2018-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун жана Каракол шаарынын аймагында биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык «Коопсуздук-2018» машыгуусу башталды.
Машыгууга Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башкаруу органдары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрациясынын жана Каракол шаарынын мэриясынын өкүлдөрү тартылды.


Министрликтер менен ведомстволордун башкаруу органдарын, мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын облустагы кырдаалды турукташтыруу боюнча түзүлгөн өзгөчө кырдаалдардын шартында тапшырмаларды аткарууга алып келүүсү машыгууну өткөрүүдөгү негизги маселелер болуп эсептелди.
Машыгуунун жүрүшүндө облустагы өзгөчө кырдаалдардын пайда болушунда абалды турукташтыруу боюнча тапшырмалары иштетилип чыгат, ошондой эле резервдеги роталардын Түп району менен Каракол шаарындагы күжүрмөн атуулары ишке ашырылат.
Андан тышкары кайтаруу-күзөт иштерин уюштуруу жана стратегиялык объекттерди коргоо, резервдеги роталардын күчү менен блок-постторду коюп чыгуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүкчөлөрүнүн жардамы менен качкындарды кабыл алуучу жана иргөөчү пункттарды жайылтуу боюнча тапшырмалар иштетилип чыгат. Ички иштер министрлигинин бөлүкчөлөрү болсо террорчулар тарабынан туткундалып калгандарды бошотуу боюнча иш-аракеттерди көрсөтүшөт.
Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарын күжүрмөн даярдыктын жогорку даражасына келтирүү, күжүрмөндүүлүккө дайындалган районго чейин жөө жүрүш жасоо (марш), Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуучу мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз байланышта жана аракеттешүүдө кол салган мыйзамсыз куралчан түзүмдөрдү жок кылуу боюнча маселелер дагы машыгуу менен бир эле учурда көнүктүрүүлөрдөн өтөт.
Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык “Коопсуздук-2018” машыгуусу 2018-жылдын 12-апрелинде аяктайт.

 

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos