pr jkkg

Командирликке даярдоо

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн 2018-окуу жылына карата түзүлгѳн даярдоо Планына ылайык КР ККнын Генералдык штабында офицерлерди жана контракттык кызматтын аскер кызматчыларын командирликке даярдоо боюнча сабактар башталды.


Ошентип, 2018-жылдын 9-январында, башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана ѳзүнчѳ бѳлүмдѳрдүн башчылары менен теориялык сабактар ѳтүлдү, сабактар 10-январдан тарта, 73809 аскер бѳлүгүнүн базасында, практикалык жактан ок атуу боюнча даярдык кѳнүгүүлѳрүн жүргүзүү менен коштолду.
Ушундай эле сабактар, кийинки жумада Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Генералдык штабынын жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кошуундарынын, бѳлүктѳрүнүн жана мекемелеринин башкаруу органдарынын ѳздүк курамдарында зачетторду тапшыртуу менен уюштурулат. КР ККда жаңы окуу жылы 2017-жылдын 1-декабрында башталган.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos
There are no videos matching selected criteria