pr jkkg

КМШ КМ Кеңешинин кезектеги отуруму

2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында (РФ Тыва Республикасы) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дуйшенбиев башында турган аскердик делегация Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Коргоо министрлер Кеңешинин кезектеги отурумуна катышышты.
Отурум Россия Федерациясынын коргоо министри армиянын генералы Сергей Шойгунун төрагалыгынын астында өттү.


Отурумдун күн тартибине 20дан ашык маселе, анын ичинде КМШ катышкан-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен иш-чараларынын планы, ошондой эле аскер тармагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлору коюлду.
Мындан сырткары, “Ачык асман -2018” ыкчам-тактикалык жана командалык-штабдык машыгуусун жана биргелешкен “Аймактык коопсуздук — 2018” компьютердик-штабдык машыгуусун уюштуруу боюнча чечим кабыл алынды.
Отурумда ошондой эле, КМШ катышкан-мамлекеттердин коргоо мекемелеринин башчылары, КМШ катышкан-мамлекеттердин коргоо-министрлер Кеңешинин Катчылыгынын жетекчилери катышты.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos