pr jkkg

КК ГШ башчысынын орун басарлары

Orozmatov1Орозматов

Кубанычбек Апазович

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары, полковник.

1966-жылдын 18-майында Баткен облусунун Исфана шаарында төрөлгөн, кыргыз.

1988-жылы Ленинграддагы жогорку жалпы аскердик окуу жайды бүтүргөн.

1999-жылы Орусия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүндө Жалпы аскердик академияны аяктаган.

2013-жылы РФ КК Генералдык штабынын аскердик академиясын аяктайт.

Взводдун командиринен баштап Башкы ыкчам башкармалыктын башчысы – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары кызматтарын басып өткөн.

2006-жылдын ноябрынан 2008-жылдын августуна чейин БУУнун Либериядагы тынчтыкты сактоочу миссиясына катышат.

2014-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы ыкчам башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалган.

2015-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары кызматына дайындалган.

2016-жылдын 7-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

Кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн II даражадагы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы, КР Президентинин ардак грамотасы жана башка медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.


ShomoevЧомоев 

Нурлан  Нуридинович

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын  орун басары, полковник.

1973-жылы 1-январда Казакстан Республикасынын Талды-Курган облусунун Алакөл районуна караштуу Үч-Арал айылында төрөлгөн, кыргыз.

1990-1992-жылдары Алматыдагы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайда билим алган.

1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

1999-жылы Орусия Федерациясынын аскердик-дипломатиялык академиясын аяктаган.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде ар түрдүү кызматтарда кызмат өтөгөн.

2004-2005-жылдары КР Коргоо министрлигинин АКШдагы Борбордук командачылыгынын штабында өкүл болгон.

2007-2008-жылдары БУУнун Косоводогу тынчтыкты сактоочу миссиясына катышат.

2009-жылдан 2015-жылга чейин КР Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы болгон.

2016-жылдын январынан мартына чейин КР ККнын Генералдык штабынын эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы болот.

2016-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн II даражадагы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн», I даражадагы «Мыкты аскердик кызмат үчүн» медалдары, Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин «За укрепление боевого содружества» медалы, Россия Федерациясынын Коргоо министринен «За укрепление военного сотрудничества»  белгиси жана башкалар менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

 

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos