pr jkkg

“Жоокерлер ырдаганда, балдар тынч уктайт”

Оштогу аскерлердин гарнизондук офицерлер үйүндѳ 2017-жылдын 3-ноябрында “Армия таланттары – 2017”сынагынын финалдык этабы аяктады.
Сынакка КР Куралдуу Күчтѳрүнүн гарнизондорунун (Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Талас, Балыкчы, Нарын гарнизондорунун) тандалма 7 командасы катышты.


Жуп болуп аткаруудагы бий номери (офицердик вальс жана заманбап бий), партиоттук жана эстрадалык ырлар, улуттук фольклор номери, ошондой эле, согуш жылдарындагы ырлар сынкатын атайын чынармачылык программасына киргизилген. Конкурстун катышуучуларына бааны, курамы 5 адамдан турган Ош Областынын маданий мекемелеринин компетенттүү ѳкүлдѳрү берди.
Жүргүзүлгѳн сынактын жыйынтыгы боюнча, 1-орунду Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Ош гарнизонунун командасы ээледи, 2-орунга – Бишкек, 3-орунга- Жалал-Абад гарнизону чыкты. Жеңген командаларды сыйлоо жана гала концертке араналган иш-чаранын официалдуу бѳлүгү Ош драма театрынын имаратында аяктады, андан кийин сынкатын катышуучулары касиеттүү “Сулайман –Тоо” тарыхый-археологиялык комплексинде болушту.
Жеңген командалар ар түрдүү даражадагы дипломдор, баалуу белектер, жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
“Армия таланттары” сынагы Куралдуу Күчтѳрдѳ жыл сайын Ата Мекенди коргоочулардын аскердик-патриоттук тарбиясын жакшыртуу максатында ѳткѳрүлѳт. Бул жылы ал маданият, тарых жана тарбия жылына арналды.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos