pr jkkg

Жеңиштер алга жетелейт!

2018-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Генералдык штабында Куралдуу Күчтѳрдүн курама командасын танк биатлону боюнча эл аралык чемпионаттыкка узатуу иш-чарасы болду.
Биатлондун катышуучуларын тандоо жана даярдоо иштери бул жылы эки этапта ѳттү. Биринчи тур танкисттердин туруктуу жайгашуусундагы пункттарда ѳтсѳ, экинчи тур 20636 аскер бѳлүгүнүн “Эдельвейс” окуу борборунун базасында жүрдү.

Эми, катуу конкурстук тандоодон ѳткѳн мыктынын мыктылары үч жума бою Кыргыз Республикасынын желегин алдыңкы орундарда желбиретүү үчүн күрѳшүшѳт. Күрѳш алардын татаал жолдордогу аскер техникасын башкара билүү чеберчиликтерин далилдѳѳлѳрү жана ошол эле учурдагы кѳзгѳ атаарлык ѳзгѳчѳлүктѳрүн кѳрсѳтѳ алуулары менен ѳтѳт.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигине караштуу “Алабино” полигонунда, жыл сайын, эң күчтүү танк экипаждары менен күжүрмѳн техникалардын турнири “Танк биатлону” мелдеши ѳткѳрүлүп келет. Биздин команда байгелүү орундарды ээлей элек болсо да, 2013-жылдан бери бул мелдештин туруктуу катышуучулары. Биздин танкисттердин мыкты даярдыктары менен алдыга карай умтулган кубаттаарлык күжүрмѳн маанайы жеңиштин медалын тагынууга карай ишенич болууда.
Танк биатлону чемпионаттыгынын тѳрт жылдан берки тажрыйбасы, бул сыяктуу иш-чаралар танкисттердин күжүрмѳн даярдыгын уюштурууда жаңылыктарды жана ѳз ара жарышууну алып келээрин далилдей алды жана дүйнѳ армияларынын аскер кызматчыларынын ортосундагы кызматташтыкты жана достукту, ошондой эле жалпы эле аскер кызматына болгон сый-урматты чыңдоодо.
КР КК ГШнын башчысынын биринчи орун басары полковник К.Орозматов эл аралык таймашка аттанып жаткан танкисттерибизге ак жол каалап ѳттү жана алардын танктар таймашынын талаасында ийгиликтүү иш-аракеттерди кѳрсѳтүп келишээрине үмүтү зор бар экендигин билдирди.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos