pr jkkg

Жаңы окуу мезгилинин башталышы жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын бардык кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде 2017-жылдын 1-декабрынан тарта жаңы окуу жылы башталды.
Салт болуп калгандай, жаңы окуу жылынын биринчи күнү Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Улуттук гвардиянын кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде митингдер жана коомдук-мамлекеттик даярдык системасында сабактар башталды.


Мындан ары, аскер кызматчылары менен тактикалык-катардык сабактардын жүрүшүндө күжүрмөн даярдыктын ар түрдүү деңгээлин киргизүүдө күчтөрдүн жана каражаттардын алгоритмин иштеп чыгуу менен ыкчам жана тактикалык даярдык боюнча сабактар өтүлдөт.
Тактикалык-катардык сабак аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгын чыгаруу менен аяктайт.
Эске салсак, жаңы окуунун жүрүшүндө Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчилигинин негизги көнүлү, аскер кызматчыларынын жеке даярдыгын жогорулатууга, тапшырылган милдеттерди аткарууда башкаруу органдарынын жана аскерлердин ийкемдүүлүгүн жана даярдыгын ишке ашырууга басым жасоого бурулат.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos