pr jkkg

Генералдык штабдын башчысы өздүк курамды 2018-Жаңы жылы менен куттуктады

Жолдош жоокерлер жана сержанттар, офицерлер жана генералдар!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди жана сиздердин үй-бүлөңүздөрдү кирип келген 2018-Жаңы жыл майрамыңыздар менен куттуктайм!

Тарыхка кайрылсак, дүйнө калкынын көбү 321 жылдан бери Жаңы жыл майрамын мезгилдин жаңы барагы катары ачып, келечектин босогосуна жаңы максаттар менен кадам таштайт экен. Биз дагы Жаңы жылдын босогосун жакшы тилек, ой-максаттар, жаңы пландар менен аттап жатабыз. Жалпы кыргызстандыктар, анын ичинде Куралдуу Күчтөр үчүн да 2017-жыл жемиштүү жылдардан болду. Башкысы, 25 жылдык мааракебизди жогорку деңгээлде белгиледик. Кыргыз Республикасынын Президентин — Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы Кол башчысын тынч, адилет жол менен шайлап алдык.
Куралдуу Күчтөргө ар тараптуу мамлекеттик камкордук акыркы жылдардагы алган ыргагынан жанган жок. Үч жыл аралыгында 600дөн ашык аскер кызматчыларыбыз өз батирине ээ болгонун эске алсак, армияга мамиле түп тамырынан өзгөргөнүн байкоого болот. Учурда республикабыздын аймактарында, дагы 500 үй-бүлөлүү аскер кызматчылары үчүн көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Алардын ачкычтарын ээлерине тапшырып, жаңы конуш ээлеринин кубанычына ортоктош болчу күн да алыс эмес.
2017-жылга койгон Окуу пландарыбызды жалпысынан ийгиликтүү ишке ашырдык. Биздин аскерлер Жамааттык кызматташтык келишим уюмунун, Шанхай кызматташтык уюмунун, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагындагы бир топ эл аралык машыгууларга катышып, мыкты көрсөткүчтөр менен келишти.
Армияда болуп жаткан мына ушундай жакшы жагына өзгөрүүлөр, анын кадыр-баркын арттырып, анда кызмат өтөөнү каалаган жаштардын саны жыл сайын өсүп жатат. Жаңы толуктоолорду айрыкча жогорку билимдүүлөрдүн катары түзүп жатканы кубантаарлык көрүнүш болуп калды.
Жолдоштор!
Өлкөбүз өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлүп, мамлекет “Таза коом”, “Жаңы доорго — 40 кадам” программасын талкууга койду. Анда атайын пункт менен Куралдуу Күчтөргө милдет-талаптар да бар. Биз, ар бир аскер кызматчысы — жогорудагыдай мамлекеттик камкордукка жооп кылып, мына ушул программадагы биздин алдыбызга коюлган милдет-талаптарды орундатууга активдүү катышып, таза, так иштөөбүз керек.
Урматтуу Мекендештер !
Мен, Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамын, жалпы эле аскер кызматчыларын, ардагерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн дагы бир ирет Жаңы жылы менен куттуктайм.
Бардыгыңыздарга Ата Мекен алдыга койгон ыйык милдетти аткарууда биримдикти, ийгиликти, жогорку жоопкерчиликти, бекем ден соолук жана кайратман эмгекти каалайм.
2018-жыл — кыргыз армиясы жана кыргызстандыктар үчүн ак жолтой жылдардан болсун!

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos