pr jkkg

Биз унутпайбыз! Биз сыймыктанабыз!

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын майрамдоо иш-чараларынын алкагында, Бишкек шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын майрамга карата куттуктоо салтанаттарын алардын жашаган жерлерине барып өткөрүштү.
Ошентип, 2018-жылдын 7-майында КР ККнын Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дуйшенбиев согуштун катышуучусу Асек Урманбетовдо болду жана ардагерди Улуу Жеңишти алып келүүгө кошкон салымдары үчүн чын жүрөгүнөн ыраазычылыктарын билдирип куттуктады, ошондой эле Генштабдын башчысы аскер баштыгына чогултуп салынган азык-түлүктөр түрүндөгү материалдык жардамдарды аксакалга тапшырды, андан тышкары 9-майды майрамдоо иш-чараларына чакырды.


Ардагер өз кезегинде аскер башчысынын жылуу сөздөрүнө ыраазы болгондугун айтып, аскер ведомствосунун Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын ар дайым колдоп, байланышып тургандыктарына кубангандыгын билдирди.
Ушул эле күнү КР ККнын Генералдык штабынын башчысынын орун басарлары полковник К.Орозматов менен полковник Н.Чомоев дагы шаардын ардагерлери Алексей Варавин менен Владимир Полтавскийди үйлөрүнө барып куттуктап келишти.
Эскере кетүүчү нерсе, 2018-жылдын 9-майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Бишкек шаарынын мэриясы биргеликте Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү максатындагы митинг-реквиемди уюштурат. Ал жерде ардагерлер үчүн атайын чатырлар тигилип, «жоокер боткосу» даярдалат, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун учурундагы аскер техникаларынын экспозициясы көргөзүлөт. Майрамдык иш-чара КР КК ГШнын өзүнчө аскердик-көрсөтмө оркестринин, Борбордук аскер үйүнүн артисттеринин жана шаардык маданият башкарамалыгынын күчү менен даярдалган чоң концерт менен жыйынтыкталат.
КР ККнын Генералдык штабы бул иш-чаралардан тышкары дагы аскер кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелеринде Улу Жеңиштин урматына эрдик сабактарын, «Ачык эшиктер күнүн» өткөрүп, согуштун катышуучулары менен жолугушууларды ж.б. уюштуруп, аларга материалдык жардамдарды көрсөтүп жатышты.

 

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos