pr jkkg

Ата Мекенди коргоочуладын катарына толуктоолор келди

2017-жылдын 27-октябрында 29840 аскер бѳлүгүндѳ жаңы келген жаштар менен контракттык кызматтын кызматчыларынын аскердик ант берүү аземи болду.
2017-жылдын күзгү чакыруусу менен келген жаштар, ошондой эле, аял-аскер кызматчылары ѳздѳрүнүн командирлеринин, Куралдуу Күчтѳрдүн ардагерлеринин, ата-энелеринин жана жакындарынын алдында Ата Мекенге берилгендиги тууралуу антты окушту. Алар Ата Мекендин жаңы коргоочуларын куттуктап, мындан аркы кызматында ийгиликтерди каалашты.


Иш-чаранын жүрүшүндѳ меймандар үчүн жаңы чакырылуучулар кармаш-күрѳш жана курал кармоо менен катардык ыкмалар боюнча кѳрсѳтмѳлүү чыгууларды уюштурушту.
Салтанат бѳлүктүн плацында жаңы чакырылгандардын салтанаттуу маршта ѳтүүсү менен аяктады.
Эске салсак, үч жума бою жаңы чакырылгандар бѳлүктүн командачылыгынын жооптуу офицерлеринин жана насаатчыларынын, турктуу кѳзѳмѳлдүгү астында күндүн аскердик тартибин, катардык даярдыктын сырларын, Коомдук Уставдын негизги Жоболорун үйрѳнүшүп, аскердик техникалар жана курал-жарактар жѳнүндѳ түшүнүк алышты. Мындан ары жоокерлер аскер иштеринин практикалык негиздерине таянган армиялык чыныгы турмушка киришет.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos