pr jkkg

Атайын багыттагыларда юбилей!

2018-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Улуттук гвардиясынын «Пантерасы» ѳзүнүн түзүлүү күнүнүн 25 жылдыгын белгилейт.
Аскер бѳлүгүнүн түзүлүү күнүн белгилѳѳ салтанатына КР ККнын Улуттук гвардиясынын Кол башчысынын биринчи орун басары гвардиянын полковниги Дамирбек Усубалиев, түндүк-чыгыш регионундагы аскер бѳлүктѳрдүн командирлери, Жоокерлер энелери Республикалык комитетинин ѳкүлдѳрү, Бишкек шаарынын Ленин районунун акими, гвардиячы-ардагерлер, ошондой эле аскер кызматчыларынын үй-бүлѳ мүчѳлѳрү келишти жана атайын багыттагыларды бул майрам күнү менен куттукташты.


Иш-чаранын жүрүшүндѳ ѳздүк курамдын ичиндеги ѳзгѳчѳ сапаттарын кѳрсѳтүп ийгиликтерге жетише алган аскер кызматчыларын грамота, акчалай каражат жана баалуу белектер менен сыйлоо тууралуу майрамдык буйрук окулду. Салтанатка келген коноктор дагы ѳздѳрүнүн атынан ардак грамоталарды жана белектерди тапшырып, аскер кызматчыларынын биримдигин, жогорку чеберчиликтерин баса белгилеп жатышты.
Ѳз кезегинде салтанат ээлери дагы коноктор үчүн даярдаган майрамдык программаларын тартуулашты. Анда атайын багыттагылар бѳлүктүн саптык аянтында аткыч куралдардын, байланыш каражаттарынын, үлгүдѳгү аскердик кийим, атайын кийим формаларынын экспозицияларын кѳрсѳтүштү. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары бѳлүктүн жашоосу менен таанышып чыгышты, андан тышкары ѳздүк курам тарабынан даярдалган кармаш-уруштун элементтери, террорчулардын лагерин талкалоо менен туткундалгандарды бошотуу, парашюттан секирүүгѳ даярдык кѳрүү боюнча уюштурулган иш-аракеттерге күбѳ болушту.
Иш-чара гвардиячылардын бѳлүктүн саптык аянтында тик учактардан парашют менен секирүүлѳрүн практикада кѳрсѳтүүсү аркылуу жыйынтыкталды.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos