pr jkkg

Аскердик кызматташтыкты бекемдөө

Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрынан 15-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дүйшенбиевдин жетекчилиги астында аскер делегациясы Түркия Республикасында 3 күндүк иш сапары менен болду.
Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Түркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси Яшар Гюлер менен жолугушуп, Кыргызстан менен Туркиянын коргоо ведемстволорунун ортосундагы аскердик маселелерин талкуулашты жана келечекке карай максаттар белгиленди.

Ошону менен бирге генерал-майор Р.Дүйшенбиев Түркия Республикасынын коргоо министри Хулюси Акар менен көрүшүп, коргоо иштери боюнча өнөр-жай департаментинде, атайын багыттагы күчтөрүнүн штабында, Жөө Аскерлер окуу жайында жана Түркия Республикасынын Улуттук Коргонуу университетинде болду.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жана колдоонун жогорку деңгээлин белгилешти, аны 2018-жылы эки өлкөнүн президенттеринин жана жогорку аскердик жетекчилеринин Бишкекте жана Анкарада болгон жемиштүү жолугушуулары күбөлөндүрүп турат.
Кыргыз Республикасы менен Туркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ортосундагы эки тараптуу аскердик кызматташтык мамилелери аскердик-техникалык, өз ара аракеттешүү, аскердик билим, күжүрмөн даярдык, биргелешкен машыгууларды өткөрүү жана тренингтер тармагында активдүү өнүккөн.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos