pr jkkg

Аскердик каттоо документтерин берүү

Аскердик каттоо документтерин берүү

Аскердик билет бериле турган жарандардын категориялары:

а) мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылгандарга;

б) АК бошотулган АК кызматкерлерине;

в) аскердик окуу жайларына окууга өткөн курсанттарга;

г) ден — соолугунун абалы боюнча Куралдуу Күчтөрдүн запасына киргизилген жана ден — соолугунун абалы боюнча чыгарылган чакырылуучуларга;

д) жарандарга:

— МРЖ өтөгөн жана көрсөтүлгөн акчалай төгүмдөрдү төлөгөн  25 жаштагы же андан жогорку жаштагы жарандарга КК запасына киргизилгенден кийин;

— мөөнөтүн узартууга мыйзамдуу ээ болгон 25 жаштагы же андан жогорку жаштагы жарандарга;

— ички иштер органдарынын окуу жайларын бүткөндөргө жана ички иштер органдарынан  бошотулуп жатканда атайын чин алгандарга;

— башка мамлекеттин КК аскердик кызматты өтөп, КР жарандыгын алгандарга же мөөнөтүн узартууга же аскердик милдеттен бошотууга  укугу (негизи) бар жарандарга;

— эркинен ажыратуу жайларынан бошотулгандарга;

— медициналык мекемелерде медициналык профиль боюнча даярдоодон өткөн аялдарга.

Аскердик каттоо документтерин берүү (аскердик билеттердин, убактылуу күбөлүктөрдүн бланктары) бекер жүргүзүлөт.

Аскердик каттоо документтердин жуп нускасын (аскердик билеттердин, убактылуу күбөлүктөрдүн бланктары) фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөн, аскердик билет жоголгон же жараксыз абалга келген учурларда аскерге милдеттүүлөргө берүү акча төлөө жолу менен жүргүзүлөт. Аскердик билеттерди жоготкондугу, бузгандыгы, аскердик каттоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 эсептик көрсөткүчтөн жогору суммада айып салуу каралган.

 

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынына ылайык, 25 жана андан жогорку (50 жашка чейинки) жаштагы аскердик жана альтернативдик кызматтарды өтөбөгөн, мөөнөтүн узартуусу жок же аскер комиссариаттарынын алдындагы медициналык комиссиялардын чечимдери менен аскер кызматына жарактууларды чакыруудан бошотуусу бар, мобилизациялык резервдин жыйындарын өтүүнү каалабаган жарандар (мындан ары — жарандар) Куралдуу Күчтөрдүн 2 — категориядагы запасына мыйзамда көрсөтүлгөн 250 эсептик көрсөткүчтөрдү (акчалай төгүмдөрдү) төлөгөндөн кийин кабыл алынат.

Запаска киргизүү үчүн негизги документтер болуп өздүк иш кагаз, башка мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүндө турбаган Кыргыз Республикасын жарандыгын кабыл алган жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы (билдирүү) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы МККнын паспорттук- виза кызмат бөлүмүнөн маалымкат саналат.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos