pr jkkg

Ардагер менен жолугушуу

2018-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дуйшенбиев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу отставкадагы улук лейтенант Асек Урманбетов менен жолугушту.


Бул жылы согуштун жана эмгектин ардагери, Кыргызстанга таанымал инсан, ѳзүнүн 95 жылдык юбилейин белгилегени турат. Асек Урманбетов, ѳзү үлгү болуп, кѳп жылдардан бери жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого салмактуу салымын кошуп келет. Эл арасындагы сициалдык жактан корголбогондорго, алардын ичинде майыптарга, балдарга, социалдык мекемелерге үзгүлтүксүз жардам кѳрсѳтѳт. Бул жардамдардын баары ардагердин жеке каражатынын эсебинен берилип келгендигин белгилей кетели.
Республиканын коргоо ведомствосунун башчысы Асек атаны алдыдагы белгилүү күнү менен куттуктады жана ардагерге бекем ден соолук, узак ѳмүр каалады жана Асек атанын Улуу Жеңишке кошкон салымы, жарандык, турмуштук бекем кѳз караштары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

[metaslider id=2686]

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos