pr jkkg

Ардагер менен жолугушуу

2018-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Р.Дуйшенбиев Кыргыз Республикасынын Улуу Ата Мекендик согуш, Куралдуу Күчтөр, укук коргоо органдары жана оорукта эмгектенген ардагерлеринин Республикалык Кеңеши Коомдук бирикмесинин төрагасы Саргазаков Качкын Саргазаковичти кабыл алды.


Качкын Саргазаков Генштабдын башчысына жаштарга аскердик-патриоттук тарбия берүү жаатындагы иш-аракеттери, келечектеги Жеңиш күнүнө арналган иш-чаралардын пландары тууралуу айтып берди, ошондой эле КР ККнын Генералдык штабынын көрсөтүп жаткан жардамдары, көңүл буруулары жана колдоо көрсөтүүлөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Генерал-майор Р.Дуйшенбиев да өз кезегинде Куралдуу Күчтөр мындан ары Республикалык кеңеш менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барышат деп ишенээрин билдирди жана ардагерди КР ККнын Кургактагы аскерлеринин атактуу Кой-Таш бригадасынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракеде конок болуп кетүүгө чакрырды. Маараке үстүбүздөгү жылдын март айында өткөрүлмөкчү.

[metaslider id=»3166″]

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(312) 66 11 38 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos