pr jkkg

Ардагер- аскер кызматчыларына ведомстволук медалдар ыйгарылды

2017-жылдын 28-декабрында Генералдык штабдын башчысы генерал-майор Райимберди Дуйшенбиев 25 жылдан жана андан ашык кызмат өтөп камдыкка (запаска) чыккан аскер кызматчыларын “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагери” ведомстволук медалы менен сыйлады.
Өз сөзүндө ведомствонун жетекчиси ардагерлерге татыктуу кызмат өтөгөндүгү үчүн ыраазычылык айтуу менен бирге улуттук Куралдуу Күчтөрдү реформалоодо аларды орду зор болгонун белгилеп, аларды кирип келген 2018-жаны жылы менен куттуктап, мындан аркы башталыштарына ийгиликтерди жана оомат каалады, алардын тажрыйбасы жана билими мындан ары да талап кылынаарына ишенээрин билдирди. Ошондой эле ведомствонун жетекчиси КР Куралдуу Күчтөрүндө мындан ары да КР КК тутумунун жарандык кызматкери болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк бар экендигин белгилеп өттү.


Бул күнү аталган медаль менен 20дан ашык адам сыйланды, алардын арасында жогорку аскердик-саясий кызматта турушкан аскер кызматчылары полковник Жаныбек Капаров, полковник Ильязбек Субанкулов, генерал-майор Шерикбай Султанов, полковник Мелис Сатыбалдиев, ошондой эле, аскердик башкаруу органдарынын жетекчилери полковниктер Мирбек Имаев, Нурбек Ниязалиев, Бакыт Жапаров, Олег Размыслов, Сыдыкбек Курманбеков, Кубанычбек Калыев сыяктуу өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн коргоо жөндөмдүүлүгүн калыптандырууга, өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө салымын кошкон, аскердик реформаларды тездетүүгө жан үрөгөн инсандар бар.
Запаска бошогон офицерлерге сыйлыктарын тапшырып жатып:
— … Сиздердин Куралдуу Күчтөрдүн катарында талыкпай кызмат өтөгөндүгүнүздөр офицерлердин жаш мууну үчүн мыкты үлгү болот. Мен Сиздер менен сыймыктанам жана эмгек сиңирген сыйлыгыңарды тапшыруу сыймыгы мага туш келгенине кубанычтамын,-деди.
Маалымадай кетсек, “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагери” ведомстволук медалы жөнүндө Жобого ылайык, бул медаль менен Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун Куралдуу Күчтөрдө 25 жана андан ашык календарлык жыл кынтыксыз кызмат өтөгөн, ошондой эле аскердик кызматтан камдыкка (запаска) же отставкага чыккан аскер кызматчылары сыйлана алышат.

[metaslider id=2605]

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos