pr jkkg

Ант берүү аземи

2018-жылдын 4-майында КР КК ГШнын Кургактагы аскерлеринин 73809 аскер бөлүгүндө 2018-жылдын күзүндө мөөнөттүү аскер кызматына чакырылып келгендердин Аскердик антты берүүсүнө байланышкан салтанаттуу азем болду.
Аземде 150гө жакын жаш жоокер Ата Мекенине кызмат кыла тургандыгы тууралуу ант беришти. Салтанатка аскер бөлүктөрдүн командирлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, аскер кызматчыларынын, жоокерлердин туугандары, жакындары, үй-бүлө мүчөлөрү күбө болушту.
Бир ай мурда 2018-жылдын 5-апрелинде 73809 аскер бөлүгү жаш толуктоонун жоокерлерин өздүк курамдын, Кургактагы аскерлердин өкүлдөрүнүн, аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн салтанатуу түрдө тосуп алуусунда кабыл алышкан.
5-апрелден берки төрт жума ичинде, жаш аскерлер аскер бөлүктүн жетекчилигинин көзөмөлү алдында болушту, офицерлер менен старшиналардын жоопкерчилиги менен жоокердин негизги милдеттерин, бөлүктүн иш-аракеттериндеги күн тартибин, саптык даярдыктын негиздерин, жалпы аскердик Уставдардын жоболору окуп-үйрөнүштү. Андан тышкары аскер техникалары, аскер куралдануусу менен таанышып чыгышты, кыскасы жаш аскерди даярдоонун толук курсунан өтүштү. Ошондой эле алар даңктуу бөлүктүн басып өткөн күжүрмөн жолу, адат-салттары жөнүндө да маалымат алышты.
Иш-чаранын журүшүндө салтанаттын күбөлөрүн жаңы толуктоодогулардын кармаш-урушу (рукопашный бой), курал менен саптык ыкмаларды аткаруусу, бөлүктүн аймагында экскурсия жасоо жана майрамдык концерт күтүп турду. Ошондой эле майрамдык маанай, жаш жоокерлердин эл алдындагы алгачкы практикасы болгон, саптык аянттагы (плацтагы) салтанаттуу аскердик маршта басып өтүүсү менен жыйынтыкталды. Мындан ары жоокерлер Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын Кургактагы аскерлеринин аскер бөлүктөрүнө бөлүштүрүлүп аскердик жашоону башташат.
Ушул сыяктуу иш-чаралар КР ККнын Улуттук гвардиясы менен Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүндө да өткөрүлдү.

Ишеним телефону:
+996(312) 66 08 73 +996(773) 49 17 20
Коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралар
Суроо
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө кадырлуубу?
(Русский) yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet yiyk-midet logotype2 shos